КоомМыйзам жана укук
Маанилүү

Тилекмат Куренов коркунучтуу кылмышкерлердин арасында отурат

Жарандык активист Тилекмат Кудайбергенов (Куренов) мурда көп жолу соттолгон кылмышкерлер менен чогуу бир камерада отурат. Мындай жол менен ага психологяилык басым-кысым көрсөтүлүүдо. Бул тууралуу жактоочу Амантур Абрахманов билдирди.

“Мен бүгүн кардарымдын отурган жери менен таанышып чыктым. Ден-соолугу жакшы эле. Бирок Тилекмат Куреновду мурда бир нече жолу соттолгон, оор кылмышка шектелген адамдар менен чогуу бир камерага отургузуп коюшуптур. Мындай жол менен аны коркутуп-үркүтүу аракети болуп жатат. Ал өзүнүн өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын билдирди. Куренов мурда кылмыш жообуна тартылган эмес. Демек мыйзам боюнча аны өзүнчө камерага отургузуш керек болчу”,-деди жактоочу.

Ошондой эле жактоочу Тилекмат Куренов ачкачылык акциясын токтоткондугун айтты. Учурда көз карандысыз эксперттерди жалдап, анын социалдык баракчаларга жазган постторун экспертизадан өткөрүү аракетин көрүп жаткандыгын айтты.

Эске салсак Тилекмат Куренов социалдык барактарга жазган посттору үчүн Свердлов райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт