
Ош шаардык соту 9-октябрда Тилек Матраимовго карата баш коргоо чарасын карады. Соттун маалыматы боюнча, ал 1 айга, тактап айтканда 9-ноябрга чейин Ош облусунун Ош шаарындагы абакка камакка алынды.
Ал мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн Өзбекстандын чек арачылары тарабынан колго түшүрүлгөнү маалымдалган.