Аналитика
Маанилүү

Теледебатка келбей койгон Садыр Жапаровду коомчулук кандай кабыл алды?

Президенттикке талапкерлер Садыр Жапаров менен Рашид Тагаев 29-декабрда Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы (КТРК) теледебатка келген жок.

«Садыр Жапаров менен Рашид Тагаев бир күн мурда кат жазып, аймактардагы жолугушуулардын графигине байланыштуу бүгүнкү дебатка катышпай турганын билдиришкен», — деди телетаймаштын алып баруучусу Алмаз Касымалиев.

Дебатка президенттикке дагы башка талапкерлер Мыктыбек Арстанбек, Имамидин Ташов, Арстанбек Абдылдаев жана Элдар Абакиров катышышты.

Ал эми дебатка катышуудан баш тарткан талапкерлер социалдык тармактын колдонуучуларынын бүйүрүн кызытып, пикир калтырып жатышат.

Садыр Жапаровдун айрым тарапташтары анын дебатка катышпай койгонун туура деп эсептейт. Анын себебин колдоочуларынын бири өзүн эмес, элди ойлогону менен негиздеди.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=417085942869988&id=100037057579640

 

Жарандык активист Мирбек Маматкасым уулунун пикиринде башка талапкерлер менен дебатка чыгуу чыныгы эрдик.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=2830948510564745&id=100009488719532

Ал эми Жоомарт Карабаев аттуу колдонуучу Жапаровдун келбей коюшун «суу жүрөктүк» деп мүнөздөдү.

https://www.facebook.com/joomart.karabaev.9/posts/1507746669431036

Чоро Канатбектин пикиринде Жапаров өзүнүн колдоочуларынын бетин жер каратты.

https://www.facebook.com/kanchoro.ozgon/posts/3572362036181524

Аталган талапкердин дагы бир тарапташы Бекжан Шыгаев «атаандаштарын тоготпосо да, элди сыйлап койсо болмок» деген пикирин айтты.

https://www.facebook.com/Bekshyg/posts/1540143319519703

 

Айрым колдонуучулар тамашалуу постторду жарыялап жатышат.

https://www.facebook.com/kunduz.ajibekova/posts/3509425639180950

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=2519819951660030&id=100008961494296

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=10219160498264758&id=1276503588

Айрым активисттер жана журналисттер Жапаровду Бакиевдин, Жээнбековдун дебатка келбей калганы менен салыштырууда.

https://www.facebook.com/guljigit.isakov/posts/10159147986847122

https://www.facebook.com/Zhakshylyk.Berdibekuulu/posts/3528533120565465

https://www.facebook.com/maitikeev/posts/3587766367978322

Кыргызстанда мөөнөтсүз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Жарышка 18 талапкер ат салышууда.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт