Коом

Теле алып баруучу Мирзат Муканов кыздуу болду

Теле алып баруучу Мирзат Муканов кыздуу болду. Келчинчеги Айзуура Иманалиева бүгүн, 3-февралда, кыз төрөдү. Бул тууралуу ал социалдык тармактарга жазды.

“Жубайым Айзуура Бишкектеги №2 төрөт үйүндө кызыбызды жарык дүйнөгө алып келди. Өзүм дагы эне-баланы көрө элекмин. Төрөтканада карантин жарыяланган экен, палатага кире албай турам. Буюрса, кызыбызга ысымды балдызым Сезим ыйгарат. Ал кандай ысым даярдап койгону белгисиз”, – дейт экинчи ирет ата болгон Мирзат Муканов.

Эске салсак, Мирзат Муканов белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен маркум ырчы Гүлбүбү Орозкул кызынын күйөө баласы.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button