Саясат
Маанилүү

Текебаев Абылгазиевдин талпагын ташка жаябы?

Үстүбүздөгү жылдын 22-февралында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев партиянын Бишкекте өткөн жыйынында сүйлөп жатып, өкмөттү сындады. Текебаев өлкөдө экономика, инвестициялык, өнөр-жай сыяктуу бардык тармак туңгуюкка кептелгенин белгилеп, мунун баарына өкмөт күнөөлүү экенин айткан:

“Абал чатак. Экономиканын өсүшү басаңдады. Түз инвестиция өлкөгө келбей калды. Бул өкмөттү Рыскелди Момбековдун тили менен айтканда “бечел, шалтурук өкмөт” десек да болот. Өкмөт демилгени жоготту, демилге көчөнүн колуна өттү. Өкмөт келечекти көрө билип, алдын-ала планы болушу керек. Өкмөттүн кадырбаркы жок, жалтак болсо эл ызылдап чыкканда артка кетенчиктейт. Мындай учурда ири долбоорлор ишке ашпайт. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды. Булкоркунучтун жеткен чеги.

Көп өтпөй эле Премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев басма-сөз катчысы Адилет Султаналиев аркылуу “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жыйында сүйлөгөн сынына жооп кайтарып, өкмөт башчы өлкөдөгү кырдаал боюнча эмоционалдуу сөз сүйлөгөн Өмүрбек Текебаев менен кайым айтышып отурууну кереги жок деди. Текебаевдин мындай кадамдарын жакындап келе жаткан шайлоого байланыштырып, мыйзам жагынан өзүнүн маселелерин чечип бүтө эле саясатчынын абалын дагы эске алуу керек экенин эскертти:

Новоизбранный пресс-секретарь премьер-министра Адилет Султаналиев

“Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөгү кырдаал боюнча эмоционалдуу сөз сүйлөгөн Өмүрбек Текебаев менен кайым айтышып отурууну кереги жок деп эсептейт. Текебаевдин мындай кадамдарын жакындап келе жаткан шайлоого байланыштырсак болот. Анын үстүнө мыйзам жагынан өзүнүн маселелерин чечип бүтө эле саясатчынын абалын дагы эске алышыбыз керек.

Белгилүү саясий оюнчулар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн премьер-министрди ар түрдүү кайым айтышууларга тартып, улам-улам “отставкага” кетире бергендигине коомчулук деле көнүп бүттү. Шайлоонун астында мындай аракеттер эки эселеп көбөйөөрүн дагы болжосо болот. Өкмөт башчысы мындай кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылат жана мурдагыдай эле, болгон көңүлүн эң негизги деп саналган күнүмдүк жумушка бурат. Иштин жыйынтыгы биринчи кезекте жарандарга сезилип, алардын баа бергени өкмөт башчы үчүн маанилүү”

Абылгазиевдин Акаевден баштап Атамбаевге чейин кызмат кылып, акыр аягы Жээнбековдун тушунда аты эле өкмөт башчы болбосо прездиентке “жардамчы” болуп калганын өздөрү байкабай жатат окшобойбу.

Өкмөт аке чычалагандын ордуна Текебаевдин башкаларга окшоп кылычты ташка чаппай, сынды өз убагында айтарын эске алып койсо болмок. Убагында Акаевди сындап, “ушул темпте кетсе Румыниянын президентиндей болуп таш бараңга кабыла турганын эскерткени али күнгө чейин эсибизде. Дегеле, Текебаев сын айткан адам оңгон эмес. Эгер “бул – коркунучтун жеткен чеги” деп эскертип жаткан болсо, бул да жөн жерден эмес.

Текебаев компромат табуу жагынан, чабуулга өтүп талкалоо жагынан алдына адам салдырбаган саясатчы экени баарыбызга белгилүү. Ал эч жерде иштебеген адамдан айып таап чыга алат. Убагында Социалдык фонддо, кийин вице-премьер-министрлик кызматта иштеп, учурда премьер министрлик кызматын аркалап жаткан Абылгазиевге айып таба албай калат дейсиңерби? Башкасын коюп “Социалдык фонддогу” ишмердүүлүгүн чукуса эле оңбой калат го. Кыскасы, “Өлөр кой – койчунун таягына сүйөнүп алды”. Текебаев “билек түрө киришкенде” Абылгазиев эмес, аны каяша айттырып жаткан “артындагылардын” да айласы кетип калышы мүмкүн.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button