Коом

Тегеранда коронавирустан улам жума намазга чогулууга тыюу салынды

Бул тууралуу мамлекеттик телеканал 27-февралда кабарлады.

Расмий маалыматтар боюнча, Иранда вирус жуктургандардын саны 100дөн ашты. Арасында өлкөнүн вице-президенти Масумех Эбтекар да бар. 25-февралда коронавирусту Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ираж Харирши да ооруну жуктуруп алганы кабарланган. Эбтекардын командасындагы бардык мүчөлөр вируска тест тапшырышууда.

Ирандын Ватикандагы мурунку элчиси Хади Хосроушахи коронавирустан көз жумганын IRNA агенттиги маалымдады. Бир күн мурун ал Тегерандагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

27-февралда Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Киянуш Жаханпур 24 саатта коронавирустан дагы 7 киши өлгөнүн, бул илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 26га жеткенин билдирди. Кытайдан тышкары мынча көп киши бир да башка өлкөдө каза таба элек.

Жаханпур бейшемби күнкү пресс-конференцияда бардыгы болуп бир суткада оору 106 кишиде аныкталганын белгиледи.

Иран илдеттин Жакынкы Чыгыштагы эң чоң очогуна айланды. Расмий маалыматка караганда, вируска 250дөй киши чалдыккан. Тегеран өкмөтү эпидемияга каршы чара көрүү аракетинде инфекцияланганы аныкталган же шектелген адамдарга эки жакка саякаттоого тыюу салып, шийилердин ыйык жайларына зыяраттарды чектеди.

Саламаттыкты сактоо министри Саед Намаки бейшембидеги маалымат жыйынында эпидемия жайылган аймактарда мектептер дагы 3 күн, университеттер эмки жума бүт жабык болоорун жарыялады.

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебреесус вируска байланыштуу кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбоого мүмкүн экенин, бул үчүн токтоосуз түрдө чечкиндүү чаралар көрүлүүгө тийиштигин билдирди. «Бул вирус пандемияга айланып кетүү коркунучу бар. Бардык өлкөлөр токтоосуз түрдө чечкиндүү чараларды көрүүсү керек. Биз чечүүчү жерде турабыз», -деп айтты ал.

Өткөн декабарда Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон вирусту Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 деп атап койгон. Өпкөнүн сезгенүүсүнө алып келген коронавирстун бул түрүнөн дүйнөнүн чар тарабында 2 миң 800дөн көп киши өлдү. Алардын көбү Кытайда.

Оору 50гө чукул өлкөгө тарап, жалпы жонунан 82 миңден ашуун кишиге жукту.

Булак
azattyk.org
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button