ДүйнөЭкономика

Тажикстандын тышкы карызы 2,9 миллиард долларды түздү

Тажикстандын тышкы карызы 2020-жылдын 1-январынан тарта 2 миллиард 888,6 миллион доллар болду.

Тажикстандын каржы министри Файзиддин Каххарзаде өткөргөн маалымат жыйынында 2019-жылдын тышкы карыз көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Өлкөнүн тышкы карызы 2020-жылдын 1-январынан тарта 2 миллиард 888,6 миллион долларды түзгөнүн айткан Каххарзаде, мунун өлкөнүн 2019-жылдагы ички дүң продукциясынын 35,8 пайызына туура келгенин билдирди.

Каххарзаде өлкөсүнүн өткөн жылы насыя жана насыя пайыздары үчүн 221,8 миллион доллар төлөгөндүгүн айтып, бул мезгилде ар кайсы финансы мекемелери менен жалпы суммасы 541,9 миллион доллар болгон 30 насыя жана кайтарымсыз каражатка кол койгонун кабарлады.

Каххарзаденин маалыматына караганда, Тажикстанга эң көп насыя берген чет элдик финансылык мекемелердин арасында Кытай Eximbank (1 миллиард 163,8 миллион доллар), Дүйнөлүк банк (325,7 миллион доллар), Азия өнүктүрүү банкы (259,1 миллион доллар)  жана Ислам өнүктүрүү банкы (134,9 миллион доллар) бар.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button