Дүйнө
Маанилүү

Тажикстанда Жаңы жыл майрамына тыюу салынды

Тажикстанда Жаңы жылды майрамдоо иш-чаралары токтотулду. Коронавирустун жайылышын алдын алуу чараларын күчөтүү боюнча штаб Жаңы 2021-жылга карата балаты, маданий, майрамдык жана башка массалык иш-чараларды уюштурууга тыюу салды.

Республикалык штаб мындай чечимди COVID-19 оорусунун экинчи толкунунун пайда болушуна, экономикалык жана каржылык кризистин курчушуна жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө жумушсуздуктун өсүшүнө байланыштуу деп түшүндүрдү.

Бийликтин чечимине ылайык, маданият жана эс алуу сейил бактарында, аянттарда жана башка коомдук жайларда адамдардын сейилдешине эч ким каршы эмес. Бирок сейилдөөгө чыккан ар бир жаран жеке жана коомдук гигиена эрежелерин милдеттүү түрдө сактоону, коргоочу бет каптарды милдеттүү түрдө тагынууну жана 1,5 метрден 2 метрге чейинки социалдык аралыкты сактоону эске алышы керек.

Коронавируска каршы күрөшкөн республикалык штаб министрликтерге жана ведомстволорго маданият жана эс алуу аянттардагы жана башка коомдук жайлардагы зыянсыздандыруу иштерин катуу көзөмөлгө алууну буйруду.

Расмий маалыматтар боюнча, пандемия башталгандан бери Тажикстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 11 731 адамга жеткен. Шаршемби күнү өлкөдө дагы 42 адамдан вирус аныкталган.

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлиги пандемия башталгандан бери COVID-19 оорусунан каза болгондордун саны күн сайын көбөйүп жатканын билдирди. Бүгүнкү күнгө чейин Тажикстанда 11 миң 105 адам оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button