КоомОкуялар

Тажикстанда коронавирустан каза болгондордун сөөгү массалык көмүлүп жатабы?

Тажикстандын «Ахбор» сайты Дүйшөмбү шаарындагы көрүстөндүн биринде тартылган видеону жарыялады. Видеодон полиэтилен менен жабылган мүрзөлөрдүн узун катарын көрүүгө болот.

Болжол менен ушундай 10 мүрзөнү көрсөткөн автор: «Полиэтилен менен жабылган мүрзөлөрдүн катары өтө узун. Алардын бардыгы коронавирустан көз жумган, бирок бийлик бул тууралуу маалымдаган жок», — деп билдирди.

Ошондой эле видеонун автору ошол жерде турган адамдардын тобун көрсөтүп, дагы эки адамдын сөөгү көмүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, видео Тажикстандын борборундагы Сариосиё көрүстөнүндө тартылган.

«Ахбор» сайты видеону дагы бир жолу текшере албаганын кабарлады. Мындан сырткары аталган сайт Тажикстанда коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун тизмеси https://kvtj.info/ дарегинде сакталганын жана төрт күндүн ичинде 200дөн ашуун ысым жарыяланганын маалымдады.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт