Ден-соолук

Тажикстанда коронавирус жуктургандар Өзбекстандан ашты

27-майга карата Тажикстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 3424 адамга жетти. Муну менен Тажикстан бейтаптардын саны боюнча Өзбекстандан ашты.

Тажикстанда илдеттин кесепетинен 47 адам каза болду. Ал эми Өзбекстанда 3396 адам вирус жуктуруп, 14 адам көз жумду.

Бүгүн, 28-майга карата Кыргызстанда коронавирус менен катталган бейтаптардын саны 1594 адамга жетип, 16 бейтап каза тапты. Казакстанда 9576 адам вирус жуктуруп, 37 адам каза болду.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Түркмөнстанда коронавирус каттала элек. Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда биринчи учурлар март айында, ал эми Тажикстанда 30-апрелде катталды.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт