Аналитика

Тажикстан: Бийликке сын айткандар күтүүсүз ажал табуудабы?

Акыркы мезгилдерде Тажикстанда бийликке сын айткандардын сырдуу ажал таап жатышы жоопсуз суроолорду пайда кылууда.

Белгилүү болгондой, диктатордук башкаруудагы өлкөлөрдүн атайын кызматтары үчүн тымызын уулап өлтүрүп коюу из жашыруунун эң сонун амалы. Диктатордук башкаруудагы өлкөлөрдө көбүнчө бийликке сын айткан журналисттер, оппозиционер, активисттер, укук коргоочулар жана башка каршы чыккан жарандар ууланып өлөт. Мунун бир канча себептери бар. Алардын негизгилеринин бири коомчулук үчүн ууланып өлүү жат көрүнүш эмес. Анан да атайын кызматтар үчүн ызы-чуусу жок тымызын жайгарып коюучу, түрмөлөрдө, коомдо баш аламандык пайда кылбаган ыкма.

Лабороториялардан иштелип чыккан түрдүү уулар, адамдын денесинде из калтырбай, анын ооруп өлгөндүгүнө ишарат кыла алат. Мисалга, жүрөгү кармап же бөйрөктүн иштен чыгышынан сырткары адамды узак убакытка созулган ооруга чалдыгышына себеп болушу мүмкүн.

Эмомоли Рахмон өзүнүн бийлигин сактап калуу үчүн өзүнүн оппоненттерин тазалап, тизгининин өзүндө кармаган саясатчыларды алып келүү үчүн атайын кызматтардын өкүлдөрүнө ушундай тапшырмаларды берген болушу мүмкүн.

2018-жылдын октябрь айында тажикстандык эксперт жана оппозициячыл көз карашты карманган Абдурахмон Назарзода жүрөгү кармап, күтүүсүз каза табат. Анын өлүмү дал ошол күнү, ал Ирактан Орусиянын Смоленский облусуна кайтып келгенде катталган. Ал 59 жашта болчу.

Ал эми, 2019-жылдын январында тажикстандык эксперт, адвокат жана бийликтин ишмердүүлүгүн сындап келген 55 жаштагы укук коргоочу Файзинисо Вохидова катуу кармаган пневмония оорусунан көз жумат.

Ал каза тапкандан бир ай мурда, тагыраагы 2018-жылдын 6-декабрь күнү Тажикстандын Согд облусундагы Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына суракка чакырышкан. Ага, эгер бийликке сын айткан макалаларды жарыялоону токтотпосо, аягы жакшылык менен бүтпөй турганын эскертишкенин көзү тирүүсүндө бир нече ирет жакындарына айткан.

Акыркы жолу 2018-жылы 17-декабрда Файзиниссо Вохидова сурак берип чыккандан кийин, ден соолугу кескин начарлап, медициналык жардам сурап кайрылат. А 2019-жылдын 22-декабрь күнү ал жактан ооруканага атьайын кызматтардын өкүлдөрү келишкен. Андан көп өтпөй комага түшүп калган  Файзинисо Вохидова каза болуп калышы көп суроолорго жем таштаган.

Быйыл болсо, 9-май күнү Рахмонго катуу сын айтып жүргөн, тажик оппозициясынын көрүнүктүү өкүлү Каромат Шарипов күтүүсүз каза болду. Расмий маалымат боюнча анын жүрөгү токтоп калып каза тапкан. Ал болгону 57 жашта болчу.

Анын өмүр таржымалына көз чаптыра турган болсок, 2017-жылы Орусияга депортация болгон жана андан кийинки жылдарда бир катар таң калыштуу окуяларга туш болгон. Ал ага чейин Эмомоли Рахмон тарабынан түзүлдү деп, бир нече уюшкан кылмыштуу топтор жөнүндө сын айтып келген. Бул кылмыштуу топтор Орусиянын атайын кызматтары тарабынан да айрым баш аламандыктарды уюштурууда колдонулуп келген.

Каромат Шариповду депортациялоо учурунда аны коштоп Орусиянын атайын кызматтарынын өкүлдөрүнүн бири, тагыраагы 2-бөлүмчөнүн жетекчисинин орун басары Олег Криканов  болгон. Демек, анын депортацияланышы, жаагын жабуу үчүн Орусиянын атайын кызматы менен биргеликте ишке ашырылган.

Кызыктын баары андан кийин башталды. Орусияга депортацияланган Каромат Шарипов Рахмон режиминин баш оорусуна айланды. Ал эми жакынкы айларда башталган коронавируска байланыштуу оор кырдаалда анын айткан сын-пикирлери Рахмондун бийлигине бир топ залакасын тийгизди. Ошондой эле, Каромат Шарипов калк арасында кадыры өсүп, жүйөөлүү сын пикирлери үчүн колдоого алына баштаган. Бул Рахмондун бийлигине коркунуч жаратып турган.

Бул сыяктуу сырдуу өлүмдөр Рахмондун бийлигининин тушунда, ага сын айткандарга караганда бир нече ирет жасалып келди. Сырдуу өлүмдөрдүн себеби сыр бойдон калды. Практика көрсөткөндөй, сырдуу өлүмдөрдүн чыныгы себеби бийлик кулагандан кийин ачыкка чыгат. Демек, Рахмон режими куламайын, мындай өлүмдөр улана берет жана алардын чыныгы себеби ачыкка чыкпайт…

Автору
Шарофиддин Гадоев, журналист
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт