БийликӨкмөт

Тажик тарап кыргыз-тажик чек арасындагы талаш жерди Тажикстанга караштуу деп эсептейт

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстандын чек арачылары менен Тажикстандын жарандарынын чек арадагы жаңжалы боюнча комментарий берди деп CentralAsia жазып чыкты.

«25-октябрда саат 15: 30да Исфара районунун Хожай Аъло айылынын тургундары айылдын ичиндеги эскилиги жеткен түтүктөрдү алмаштырышкан. Ошол учурда Кыргыз Республикасынын 25-30 куралдуу чек арачылары айылга келип, жашоочулардан иштөөнү токтотууну талап кылышкан. Алар тажик жарандарынын иштеген жери талаштуу аймак экендигин билдирип, калкка карата ок атуучу куралдардан ок чыгарышкан.

Хожай Аълонун тургундары жабыр тарткан жок. Жаңжал болгон жерде иш убактылуу токтотулган.

Тажикстан менен Кыргызстандын чек арачыларынын ортосунда эки мамлекеттин мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул бөлүк Тажикстандын аймагы деп билдирди.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button