Дүйнө

Тажик президенти Кыргызстан элине көңүл айтты

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго жана кыргызстандыктарга көңүл айтты. Бүгүн, 31-июль Кыргызстанда коронавирустун курмандыктарын эскерүү үчүн Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

«Боордош Кыргызстан элине чын ниеттен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз. Ал эми ооруп жаткан кыргызстандыктарга тез арада сакайып кетишин каалайм.

Ковид-19 кооптуу вирустук инфекциясынын глобалдуу жайылуу тенденциясына терең тынчсыздануу менен байкоо салып жатабыз. Достук мамиледеги Кыргызстан пандемияга байланыштуу кыйынчылыктарды татыктуу жеңип чыгарына, ошондой эле илдетти ооздуктоо жана эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар күтүлгөн натыйжага сөзсүз алып келерине ишенем.

Тажикстан менен Кыргызстанды тамыры тереңге кеткен ак ниет коңшулук, өз ара кызматташуу жана өз ара жардамдашуу салттары байланыштырып келет. Учурдан пайдаланып, кыргыз тарап биздин колдон келген жардамыбыз менен колдообузга ар дайым таяна аларына Сизди ишендирип кетким келет», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button