Аналитика
Маанилүү

Тажик басылмасынын Ташиевге чабуулу

Тажикстандын Согди облусунун Гүлистан шаарында Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Билдирүүгө ылайык, Кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстан делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кызуу пикир алмашуу жүрдү.

«Кыргыз өлкөсү жана Тажикстан делегация жетекчилери Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги долбоордук линиянын өтүүсүн сүрөттөп жазууну мындан ары карай активдештирүү зарылдыгы тууралуу өз ара толук түшүнүшүүсүн билдирди.

Кеңешме алкагында укуктук маселелер боюнча жумушчу топтордун жана топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу орун алды. Анын жүрүшүндө адистер Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулоону улантышты», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда чектеш аймактардагы конфликттик абалдардын келип чыгышынын алдын алуу боюнча өз ара аракеттешүүнү ишке ашыруу максатында, Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиевдин жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзоданын жолугушуусу өткөн.

Ал ортодо белдүү делген Тажискстандык басылмаларында жанар коомдук тармактарда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин былтыркы чек ара боюнча билдирүүсү «Ташиев: Лахш менен Мургаб Кыргызстандын жери болгон» деген аталыш менен тарап жатат.

Макаланын мазмунунда Тажик чиновниктери кыргыз чиновниктери менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жарыялай элек болсо да, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчибек Ташиев менен болгон маектин видеосу Кыргызстанда таркатылып жаткандыгы айтылат.

«Паям» басылмасына келген видеодо ал Тажикстандын Лахш жана Мургаб райондору дагы Кыргызстанга таандык экендигин айтканы, ошондой эле ал Тажикстанды «Өзбекстан менен Кыргызстандын жерлеринде курулган өлкө» деп атаганы жазылган.

Дагы башка макалада, «Тажик УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов чет өлкөлүк кесиптеши менен болгон олуттуу, жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүргүзө алабы же тизелери титиреп катышабы?» деген суроо коюлган.

Ташиев ошондой эле «Тажикстанды Өзбекстандан бөлүнүп, кыргыздардын жерлерине курулган өлкө экендигин, эми бүгүн биздин жерлерибизге курулган бул өлкө биздин жерлерибизге, чегибизге коркунуч жаратууга аракет кылып жатса эмне үчүн биз унчукпай отурушубуз керек» дегенин кошумчалаган.

Эске салсак, Тараптардын макулдашуусу боюнча, Кыргыз өлкөсү жана Тажикстандын Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны Кыргыз өлкөсүндө өтөт.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт