БийликЖогорку КеңешОкуялар

Тазабек Икрамов эстафета жөнүндө: «Трагедия жасап, жумурткадан кыр издештин кереги жок»

«Фейсбук» социалдык тармагында Тазабек Икрамов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Мирлан Бакиров жана Бактыбек Раимкулов баштаган депутаттар «Ат — адамдын канаты» деген аталыштагы эстафета баштаган. Өз ара бири-бирине көрсөткөн сый-урматтарын белгилеп, алкынган аргымактары менен түшкөн сүрөттөрүн жайгаштырышкан.

Интернет колдонуучулар карапайым калк нанга жетпей жаткан кезде депутаттардын кымбат баалуу аргымактарына минген сүрөттөрүн чыгарганы осол, уят иш экенин жазып чыгышкан.

Депутаттардын ат үстүндөгү эстафетасы төраганы ыңгайсыз абалда калтырдыбы?

Бирок депутат Тазабек Икрамов сүрөттөрүн аргымагын даңазалаш үчүн эмес, сунулган эстафетага жооп кайтаруу үчүн жайгаштырганын айтып, аны башкалардын сындашына негиз жок экенин белгиледи:

«Көкбөрү федерациясы ушундай эстафетаны баштаган экен. Анан мен Аманбековдон эстафетаны алып, Төрөбай Зулпукаровго тапшырып бердим. Адамдар тарабынан мына ошондой сураныч болуп жаткандан кийин ага жооп берип, кайра башка бирөөгө өткөзүп коюу – бул адамгерчиликтин эле белгиси. Мен бул жерден жаман нерсени көргөн жокмун. Бул жерден кандайдыр бир трагедия жасап, жумурткадан кыр издештин кереги жок».

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт