Ден-соолукКоомСаясат

Ташиев Касымалиеваны жоопко тартууну сунуштады

Саясатчы, “Республика – Ата-Журт” партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиеваны жоопко тартууну сунуштап чыкты. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы жеке баракчасына жазган.

“Сиздин шайлоочуларыңыз ооруканада карантинде жатканда, эмне үчүн сиз үйдөсүз? Анын үстүнө сиз Жогорку Кеңештин башка кызматкерлери менен бирге биринчи категорияга кирген өлкөдөн, Германиядан келдиңиз. Сиз этикетти буздуңуз. Сиз шайлоочуларыңызды таштап салдыңыз, өзүңүз болсо бийликти колдонуп үйдө отурасыз. Уятсыздар!”, – деп жазган ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Абдыбек Дүйшалиев менен Аида Касымалиева 14 күндүк карантинге алынган. Алар карантинди үйүндө өткөрүшөт.

Булак
bars.media
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close