Илим-БилимКоомОкуяларСаясат
Маанилүү

“Тарыхта Баткен эле эмес, Жерге-Тал, Мургаб кыргыздыкы болгон”

Тажик генералдарынын арасында да тарыхты жакшы билбегендер бар. Ушул генералдын пикиринен кийин эки элдин ортосуна от жагып, жаңжалга шыкакчылар ким экени да ачык билинип калды. Алар тымызын карапайым калкты ушундай пикир менен ууландырып, сыртта байкоочу болуп турушканы ырасталды.

Тарыхчы Кыяз Молдокасымов: Тарыхта Баткен эле эмес, Жерге-Тал, Мургаб кыргыздыкы болгон

Тарыхта Баткен эле эмес, Жерге-Тал, Мургаб кыргыздардыкы экени маалым. Ал гана эмес, Баткен жери Манас эпосу менен да байланыштырылып көп айтылат. Эгемендүүлүк доордон берет бийликтин алсыздыгы, мекенчил эместигинен, өгөй мамилесинен улам, азабын чек арадагы карапайым эл тартып жатат. Тажиктин алабарман генералынын бул айтканына бийлик олуттуу жооп кайтарбаса, алардын мындай аракети күчөп отуруп, чоң жаңжалга алып келиши ыктымал. Маселеге жооп кайтарган билимдүү, компетенттүү бийликтен өкүл чыгаар бекен эми?

Тарыхчы Кыяз Молдокасымов: Тарыхта Баткен эле эмес, Жерге-Тал, Мургаб кыргыздыкы болгон

Ал эми тажик генералынын айтканын карапайым сабатсыз тажиктер чындык катары кабыл алышат да кыргыздарга кыянаттык кыла баштайт. Ортодо дагы бир кагылышуу болсо күнөөлүү тажик генералы менен ага чара көрдүрө албаган кыргыз өкмөтү болмокчу.

Кыяз Молдокасымов, тарыхчы

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button