Аналитика
Маанилүү

Талашка түшкөн КСДПны шайлоого кимдер баштап чыгат?

Быйыл өтчү парламенттик шайлоого катышуу үчүн КСДП партиясы жаңы саясий платформа издеп жатат. Мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин уулдары жаңы партия түзүп, бул саясий кеңештин ичинде тегиз колдоо таппай жатканы байкалат.

Абдрахмановдун партиясы өзүнчө, накта КСДП өзүнчө турат. Ошондуктан алар шайлоого катыша албайт. Менин билишимче, эми Социал-демократтар деген партия түзүлүптүр. Ага Атамбаевдин уулдары Кадыр, Сеид жана депутат Карамушкина да кошулуптур. Эми аларга ак жол, бирок мен бул окуяны ЖМК аркылуу билип жатам. Бул саясий кеңешмеде талкууланып, бирдиктүү чечим кабыл алынышы керек эле. Андай болбой жатат, бул туура эмес»,- деди КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов.

Ал учурда КСДП үчүн башкы багыт шайлоо эмес, «саясий туткундарды бошотуу» болушу керектигин айтты.

Аталган партиянын Атамбаев баштаган бир топ лидерлери алды Кой-Таштагы, арты ЖЭБдеги коррупциялык айыптар менен абакта отурат.

«Бир командабыз»

КСДПнын саясий кеңеши 26-майда отурумга чогулабыз деп жатат. Бул тууралуу Би-Би-Сиге саясий кеңештин дагы бир өкүлү Темирлан Султанбеков билдирди. Ал жаңы партия түзүлдү деген маалыматтарды четке кагууда:

«Баарыбыз бир эле саясий кеңештин мүчөлөрүбүз. Азыркы тапта бир эле партиябыз бар. Партия деген адамдар да, азыр барыбыз биргеликте эле болуп турабыз. Ар кандай платформалар бар, балким ошолорду талкуулайбыз. Учурда КСДПга карата сот иштери жүрүп жатат. Биздин ар кандай ой, пландарыбыз бар».

Султанбеков жаңы партия жана саясий кеңештеги ажырым тууралуу партиялаштарынын пикири жалпы КСДПнын көз-карашын чагылдырбайт дейт.

Жаңы партия

Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын өкүлү Ирина Карамушкина партиянын убактылуу лидери Асел Кодуранова, анын орун басары Кундуз Жолдубаева Адил Турдукулов тарапка ооп, Атамбаевдин уулдарын колдобой жатат деп сындап чыккан эле.

Карамушкина «Кыргызстан социал-демократтары» деген ат менен жаңы партия түзүлүп, жаңы күч менен шайлоого даярдык көрүлүп жатканын билдирген. Анын жыйындарына жогоруда аты аталган партиялаштары катышпай турганын да айткан.

КСДП чейрек кылымдан бери иштеп келе жаткан партиялардын бири. Сооронбай Жээнбековду дагы президентикке ушул партия сүрөп чыккан.

Сооронбай Жээнбековду дагы президентикке ушул партия сүрөп чыккан

Бирок соңку эки жылда партия катуу сыноолорго тушугуп, талашка түштү. Атамбаев тараптагылар Жээнбековго оппозиция болуп, партиядан депутат болгондордун көбү президентти колдоп келишет.

«Атамбаевдин балдары өзүнчө партия ачып жатканында чоң бир логика бар. Себеби мурунку президент баштаган КСДП чоң талашка түшүп калды. Бул партия менен Атамбаевдин командасы шайлоого барары күмөн болгон. Азыр Абдрахманов баштаган топ толугу менен КСДПны ээлеп калууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Атамбаевдин балдары түзгөн жаңы партияга кээ бир анын тарапташтары кирбей калганы — ички партиялык иш. Дагы деле партиялар саясий идеологиянын эмес, конкреттүү адамдын тегерегинде түзүлүп жатканы мени өкүндүрөт»,- дейт саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.

Парламенттик шайлоого карата партиялардын ичиндеги талаштар Кыргызстандагы партиялык системанын чабалдыгын дагы бир жолу көрсөтүп жаткандай. Өзгөчө КСДПнын ичтен ыркы кетип, шайлоо алдындагы «ажырашууларына» жана биригүүлөрүнө саясий кеңештин эртеңки жыйынында чекит коюлат өңдүү.

Булак
bbc.com/kyrgyz/
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close