ОкуяларСаясат

Таалатбек Масадыков: Өлкө кыйроо алдында турат

Биз чексиз башаламандыктын чегине жеттик эмес, бизде өлкө толук башаламандыкта десем да болот. Өлкө кыйроо алдында турат. Бул тууралуу platon.asia сайтына берген маегинде саясатчы Таалатбек Масадыков билдирди.

— Жакында эле Сиз Кыргызстандагы саясий окуялар мыйзамсыз, башкача айтканда мыйзам талаасында эмес деп айтып чыктыңыз. Таалатбек Шамудинович, бул саясий туруксуздук жакын арада укук талаасына келет деп ойлойсузбу?

— Өлкөдө негизги мыйзам болгон — Конституция бар, өлкө 5-6-октябрдагы окуяларга чейин ошол мыйзам менен жашап келген. Мыйзам кимдир-бирөөгө жагабы же жокпу, туурабы же коомдун бүгүнкү талаптарына жооп бербейби бул алдыда жооп таба турчу маселе.

Бирок шайлоо ачык эле бурмаланып, саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгына макул болбой, нааразы болушуп, аянтка чыгышты. Натыйжада бийликке жаңы саясий күчтөр келди, ал күчтөр негизги мыйзамга баш ийип, парламенттик шайлоону кайра өткөрүп, андан кийин гана президенттик шайлоо өткөрүшү керек эле, андан соң Конституцияны реформалоо менен алек болушу керек эле. Бирок жаңы күчтөр башка жол менен кетишти. Менин пикиримде, бул саясий процесстер мыйзамсыз.

Жаңы бийликтин өкүлдөрү жана Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып жаткан саясий күчтөр чыныгы диалог жүргүзүп, бири-бирин угуп, укуктук талаага кайтышат деп ишенем. Бирок азырынча тараптар бири-бирин укпай келүүдө жана туруксуздук сакталууда.

— Таалатбек Шамудинович, маектериңиздин биринде Сиз Кыргызстан өнүгүүсү үчүн демократия эмес, өлкө криминалга батып калбашы үчүн темирдей тартип керек экенин айтыптырсыз. Бирок азыр Кыргызстан мыйзам үстөмдүгүнө, демократиялык процедураларды жана укуктарды ишке ашырууга муктаж болуп турат окшойт?

— Мыйзамга ылайык катуу тартип мыйзам үстөмдүгү деп түшүнөм. Иштебеген мыйзамдар менен демократия тууралуу айтуу мүмкүн эмес. Демократия, демократиялык процедуралар жана укуктар жөнүндө сөз кылганда, ар кайсы өлкөлөрдөгү ар кандай саясий күчтөр бул процедураларды жана укуктарды ар башка түшүнүп, ишке ашырышат. Демократияга баа берүү үчүн кандайдыр бир критерий барбы? Кыргызстанда тилекке каршы, демократия тууралуу чакырыктар эле бар. Биздеги болгон жападан жалгыз демократия – бул сөз эркиндиги болсо керек. Ал эми башка жактарда, коомубуздун жашоосунун башка тармактарында болсо башаламандык, анархия.

— Таалатбек Шамудинович, айрым серепчилер Кыргызстан кыйроо алдында экенин жана чексиз башаламандыкка батып бара жатканын айтышууда. Сиз бул пикирге кошуласызбы же бүгүнкү кыйынчылыктарды жеңип чыгуу үчүн өлкөдө кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөр бар деп ойлойсузбу?

— Биз чексиз башаламандыктын чегине жеттик эмес, бизде өлкө толук башаламандыкта десем да болот. Өлкө кыйроо алдында турат. Ошол эле учурда, элибиз бүгүнкү кыйынчылыктарды жеңе алат деп ишенем. Ушул жайда өлкөдө коронавирус күчөп турганда, өкмөт өзүнүн жөндөмсүздүгүн жана компетенттүү эместигин көрсөттү, ал эми катардагы кыргызстандыктар өкмөттүн жардамысыз эле өздөрү уюшуп, бири-бирине жардам бере аларын көрсөттү. Мындай мисалдар өлкөдө чоң үмүттү жаратат.

— Бир катар саясатчылар Кыргызстан эч качан Борбор Азиядагы демократия аралчасы болбогонун жана биздеги революциялардын баары мамлекеттин төнкөрүш экенин, себеби андан соң бийлик кайрадан эле авторитардык режимге өтүп келгенин айтышууда. Бирок, балким, бул саясий процесстер демократиялык плюрализмдин, жарандардын саясатка катышуусунун башталышы болуп жүрбөсүн?

— Менимче, Советтер Союзу кулагандан кийин 5-7 жылдан соң, биринчи президент А.Акаевдин убагында Борбордук Азиядагы биринчи демократиялык процесстер дал ушул Кыргызстанда башталган. Ошондо биз Кыргызстан демократия аралчасы деп сыймыктанып айтчубуз. Бирок тилекке каршы, бул демократиялык реформалар аягына чыккан жок жана тескери процесс кетти.

2005-2010-2020-жылдардагы окуяларды кимдир-бирөө революция, кимдир-бирөө жөн гана төңкөрүш деп атап жүрөт. Бирок биз аны кандай атабайлы анын натыйжасында биздин жарандык коомдун көзү ачылды жана биздин эл өлкөнүн ар бир бурчунан мурдагыдай жашоону каалабай турганын ачык айтып чыгышты. Бул жакшы жана керектүү процесс.

— Менимче, биздин коомдо демократиялык саясий баалуулуктар кеңири жайылып жатат, муну октябрдагы окуялар да далилдеди, мисалы, жарандар биригип, кошуундарды түзүп, бишкектиктердин тынчтыгын өз ыктыярлары менен коргоп жатышты. Таалатбек Шамудинович, бул көрүнүштөр тууралуу эмне деп ойлойсуз?

— Бул жарандык коомдун калыптанганы, жөнөкөй кыргызстандыктардын жогорку деңгээлдеги ой жүгүртүүсүн жана акылмандыгын далилдеп турат. Албетте, мындай көрүнүштөр шаардык жарандарда көбүрөөк байкалды, себеби шаардыктардын билим деңгээли жана алардын саясий активдүүлүгү айылдагыларга салыштырмалуу дайыма жогору болуп келген.

Автору
Талгат Мамырайымов
Булак
Elgezit.kg
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт