Андан кийин «Азаттыктын» Оштогу журналисти Ыдырыс Исаковдун «шайлоо мыйзымсыз өттүбү?» деген суроосуна жооп берди:
«Форма № 2 дегенге мен өзү каршымын. Мен жердештеримдин бирин да алып келген жокмун, Кудай күбө! Шайлоодо эми, жеңилүү да бар, жеңүү да бар. Жеңгендер бар, жеңилгендер ошондой дооматтарды коюп жатат. Буга эч кандай негиз жок.»
Буга чейин калаа башчынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров депутаттарга мэрди кызматтан алуу боюнча атайын буйрук келгенин, бирок шаар мэринин жүзү эл алдында жарык экендигин Интернетке жазган.
Ош шаарындагы митинг 1000дей кишинин катышуусунда уланууда.