БийликЖогорку КеңешОкуяларПрезидент

Төлөгөн Рахманберди уулу менен Эмилбек Кимсанов өлкөдөн чыгып кетти

2019-жылы 22-сентябрда Кара-Суу районунун Фуркат айылында Төлөгөн Рахманберди уулу октон жараат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Анын жоон санына ок тийип, сөөгү сынып кеткени айтылган. Окуяга байланыштуу Саркарбаевдин аты аталганы менен ал "окуя болгон жерде мен жок болчумун" деп айткан.

Буга улай эле Төлөгөн Рахманберди уулу менен Эмилбек Кимсановдун Чүй облусунда бир адамды токмоктоп жаткан видеосу тарады. Видео 2018-жылы 28-декабрда тартылганы айтылууда. ИИМ ал боюнча да иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Саркарбаев – кикбоксинг боюнча спорттун чебери, мушташтын аралаш түрү боюнча бир нече эл аралык мелдештин жеңүүчүсү.

Эмилбек Кимсанов Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери. 2018-жылы жергиликтүү кеңештин депутатын сабоого шек саналган.

Ош шаардык милициясы 29-январда Рахманберди уулуна кол салуу боюнча иш козголуп, беш киши кармалып, териштирүү башталганын билдирген. Бирок ал көрсөтмө берүүдөн жана арыз жазуудан баш тартып келгенин билдирүүдө.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков үч видеодо аты аталган Нурбек Раимбеков кармалган беш кишинин бири болгонун, Кылычбек Саркарбаевдин атышууга катышы бар экени айтылып, иш териштирилип жатканын кошумчалады.

Ал арада Төлөгөн Рахманберди уулу менен Эмилбек Кимсановдун өлкөдөн чыгып кеткени айтылды.

Булак
"Азаттык"
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button