Дүйнө

Түштүк Кореядан Түндүк Кореяга эскертүү

Түштүк Кореянын коргоо министри Чон Кён Ду Түндүк Кореяны «эң катуу жооптун берилери» боюнча эскертти.

Түштүк Кореянын коргоо министри Чон Кён Ду, Түндүк Кореянын аскердик бир провакация кыла турган болсо «эң катуу жооптун берилери» боюнча эскертти.

Түштүк Кореянын маалымат агенттиги Йонхапта берилген бир кабарга караганда Түштүк Кореянын коргоо министри Чжон Корея согушунун 70 жылдыгынан улам согушка БУУнун байрагы астында кошулган 22 өлкөнүн урматына берилген ыраазычылык билдирүү тамагында сөз сүйлөдү. Пхеньян башкаруусунун акыркы мезгилдеги коркутуучу мамилелеринен тынчсызданышкандарын айтты.

Түндүк Кореянын өткөн жумада 2018 —  жылы кол коюлган Панмунжом декларациясы менен курулушуна чечим чыгарылган жана эки өлкөнүн ортосундагы жумшоо жана диалогдун символу катары каралган чек арадагы байланыш офисин жардыруусу менен башталган араздашуу аскердик бир кризиске айланбашы керектигин айткан Чжон:

«Армиябыз абалды жоопкерчилик менен изилдеп жатат. Маселенин ырааттуулукту бузбастан чечилиши үчүн күтүп жатабыз бирок Түндүк Корея аскердик бир провакацияга кирише турган болсо эч токтобостон катуу түрдө жооп кайтарабыз»,- деди.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close