Дүйнө

Түркмөнстанда коронавирустан бир адам каза тапса, дагы бирөөнүн абалы оор

Түркмөнстандын Лебап велаятындагы коронавирустан улам бир киши каза болду. Ал Кытайдан эваукацияланган Түркмөнстандын жарандары жана China National Petroleum Corporation (CNPC) кытай компаниясынын кызматкерлери үчүн карантиндик лагердин аймагында көз жумган. Бул тууралуу Turkmen.news сайтына аты жашыруун калгысы келген Түркмөнстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардын-эпидоемиологиялык кызматынын кызматкери айтып берген.

Оорудан каза болгон адам тууралуу маалыматтар жашырылган, бирок, Turkmen.news сайты анын Кытайда окуган студент экендигин биле алган.

Дагы бир адам оор абалда аталган карантиндик лагерде жатат.

Белгилей кетсек, АКШнын Балтимор шаарындагы Жонс Хопкинс университетинин алдындагы системалык изилдөө жана инжиринг борборунун окумуштуулары коронавирустун таралуу онлайн-картасын иштеп чыгышкан. Ал онлайн-карта аркылуу коронавирусту жугузуп алуу, оорулуулардын айыкканы жана андан улам каза болгондордун статистикасы менен реалдуу убакыт режиминде таанышууга болот.

Бул онлайн-картада коронавирус жуккан өлкөлөрдүн тизмесинин арасында Түркмөнстан жок. Анда Кытайдан башка дагы 28 өлкөдө коронавирусту жуктуруп алганы белгиленген.

 

Булак
bars.media
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button