ВидеоДүйнөТехнология
Маанилүү

Түркия зооттолгон “Тулпар” согуштук унаасын өндүрө баштайт (ВИДЕО)

Түрк коргонуу өнөр жайында иштелип чыккан зооттолгон согуштук унаа «Тулпар» сериялык өндүрүшкө даяр болду.

Отокардын башкы директору Сердар Гөргүч, атын “Манас” эпосундагы согушкерлерди коргогон легендарлуу канаттуу аттан алган брондолгон согуштук унаа “Тулпардын” 21-кылымдын талаптарына жана жөө аскерлер менен командо бөлүктөрүнүн муктаждыктарынын алкагында жасалганын айтты.

“Тулпардын” заманбап жана жаңы муундагы негизги согуштук танкалар менен иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин айткан Гөргүч, бул унаанын НАТО өлкөлөрүндө жүргүзүлгөн жана ушул сыяктуу унаа программаларында орун алган брондолгон согуштук техникаларга окшош мүмкүнчүлүктөр жана өзгөчөлүктөр эске алынып долбоорлонгонун айтты.

Сердар Гөргүч, “Тулпардын” долбоорлоо артыкчылыгынын болсо миналардан, колго жасалган жардыргыч заттардан, химиялык жана кинетикалык энергия ок-дарыларынан жана CBRN коркунучунан коргонуу экендигин айтты.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button