Бүгүн, 10-мартта Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушуулу Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Мевлүт Чавушуулу Кыргызстанга расмий сапарын «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде Чыңгыз Айтматовдун кабырына гүл коюп, куран окутуу менен баштады.
Сапардын алкагында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин сүйлɵшүүлɵрү жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун 4-жыйыны болуп ɵтɵт. Ошондой эле Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоуулунун Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуулары пландаштырылган.
#Kırgızistan ziyaretimize Ataların Mezarı Ata-Beyit Anıt Mezarlığıyla başlıyoruz. Kırgız kimliğinin ünlü yazarı Cengiz Aytmatov ve zulme karşı direnen tüm Kırgız kahramanları saygı ve rahmetle anıyoruz. Ruhları şad olsun.🇹🇷🇰🇬 pic.twitter.com/DvDcJjVwOT
— Mevlüt Çavuşoğlu (@MevlutCavusoglu) March 10, 2021
Алдыда боло турган жолугушуулардын жана сүйлɵшүүлɵрдүн жүрүшүндɵ саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары ɵнүктүрүү жана бекемдɵɵ боюнча мурда жетишилген келишимдерди, кыргыз-түрк мамилелери үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылууда.
Түрк кеӊешинин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда кызматташтыкты кеӊейтүү жана аталган эл аралык уюмдун күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болот.