Дүйнө

Түркияда учак кулады

Түркиянын Сабиха Гөкчен аэропортуна конуп жаткан маалда кырсыктаган учак экиге бөлүнүп кетти. Түркиянын транспорт министри Мехмет Жахит Турхан учакта 177 жүргүнчү болгонун, кырсыкта каза болгондор жок экенин билдирди.

Түркиялык медианын кабарлашынча, «Pegasus Airlines» компаниясынын учагы 5-февралда түштөн кийин ички каттамды аткарып, Измирден Стамбул шаарына учуп келген.

Ал тапта Сабиха Гөкченге конушу керек болгон учактар Стамбул аэропортуна жөнөтүлүп жатканы белгилүү болду.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close