Дүйнө
Маанилүү

Түркияда мечиттер ибадатка ачылып, айрым чектөөлөр алынды

29-майда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдө 11-марттан бери жабык турган ресторан жана кафелердин 1-июндан баштап иштөөсүнө уруксат берилерин маалымдады. Ошондой эле ички аймактар арасы каттамдарга келген чектөөлөр алынды.

Коронавирусунун жайылышынын алдын алуу максатында 16-мартта жабылган мечиттер бүгүн 29-майдан тарта ибадат кылуучуларга ачылат.

Чектөөлөр 81ге жакын аймактын мечиттеринде алынып салынганы менен, бешим, аср жана жума намаздары гана окулат. Калган убактардагы намаздар ачык абада окулат. Каалоочулар андан башка учурда мечиттерде ибадат амалдарын аткарса болот.

Түркияда расмий өзгөчө кырдаал киргизилген эмес, бирок дем алыш күндөрү коменданттык саат жарыяланып жатат. Өлкөдө расмий 30 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда жашап иштеп жүрүшөт.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аба каттамдары токтогон.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close