Дүйнө

Кыргызстандык мигрант келин жүрөк оорусунан көз жумду

24-майда Түркиянын борбор калаасы Анкарада иштеп жүргөн кыргызстандык мигрант келин жүрөк-кан тамыр оорусунан каза болгону маалым болду.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин кызматкерлери маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүүгө даярданып жатканын «Азаттыкка» кабарлашты.

Расмий маалыматка караганда, Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет.

Түркияда ички аба каттамдар 4-июнга чейин, эл аралык каттамдар 10-июнга чейин токтотулган.

2019-жылы Анкарадан Кыргызстанга жети «Жүк 200» жөнөтүлгөн.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button