БийликӨкмөт

“Түндүкэлектро” ишканасынын жалпы жамааты иш таштай турганын эскертип, Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду

“Түндүкэлектро” ачык акционердик коомунун жалпы жамааты премьер министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Алардын айтымында аталган ишканананын жетекчиси жалпы жамааттын пикирин эске албай, өз билемдик менен жетекчилик кызматтарды дайындоодо.”Түндүкэлектронун” жалпы жамаатынын кайрылуусун толук берели:

“Урматтуу, премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Нургожоевич Жапаров! Биз, “Түндүкэлектро” ААКнын жамааты сизге ачык кат аркылуу кайрылууга аргасыз болуп жатабыз. Энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров парламенттик шайлоого “Кыргызстан” партиясы менен аттанган. Мыйзам боюнча талапкерлер убактылуу кызматын тапшырып бериши керек эле. Бирок, Айтмамат Назаров үгүт учурунда өзү иштеген мекемедеги расмий иш-чараларга катышып жүргөн. Кийинчерээк талапкерлердин тизмесинен өз эрки менен чыгып кеткен.Ал киши үгүт ишинде мыйзам бузгандай эле азыр да коллектив менен эсептешпей, өз билемдик кылып жатат. Тагыраак айтканда, мындан эки ай мурда “Түндүкэлектро” акционердик коомунун директору болуп Доскул Бекмурзаев дайындалган. Алдыда күзгү кышкы даярдыктар турганына карабастан, Айтмамат Назаров Астаркулов Улан аттуу жаранды Доскул Бекмурзаевдин ордуна ишке койду. “Түндүкэлектро” ААКнын жамааты Доскул Бекмурзаевди иш билги жетекчи катары баалайт жана жаңы жетекчинин келишине каршы. Бизге азыр саясий интригалардын, орун алмашуулардын кереги жок. Мындай кадрдык жүрүштөр биздин ишке терс таасирин тийгизет. Урматтуу, Садыр Нургожоевич! Сизден “Түндүкэлектро” ААКына Доскул Бекмурзаевди кайрадан жетекчи кылып дайындап берүүңүздү суранабыз. Биздин жамаат жаңы жетекчи менен иштеше албайт жана анын кызматтан кетишин талап кылып тынчтык митингине чыгууга даяр. Күз кыш мезгилине кызуу даярдык жүрүп жаткан учурда кызматкерлердин иш таштоосуна жол бербей, биздин үнүбүздү угасыз деген ниеттебиз.

Терең урматтоо менен “Түндүкэлектро” ААКнын жамааты.”

Толугу менен
Back to top button