КоомТехнология

«Түндүк электр» дебат учурунда КТРКнын жарыгы эмне себептен өчүп калганын айтты

Учурда жарыктын өчүрүлүшү боюнча атайын комиссия түзүлдү. Жыйынтыгына жараша тиешелүү чара көрүлмөкчү.

«Түндүк электр» ишканасы саясий партиялардын шайлоого карата дебаты учурунда КТРКнын жарыгы өчүп калганына түшүндүрмө берди.

Белгилей кетсек, кечээ, 30-октябрда, кечки саат 21.48ден 21.56га чейин (8 мүнөткө) КТРКнын административдик мекемесинде жарык берүү үзгүлтүккө учураган.

«Саат 21:36да «Новозападная» кабелдик линиясындагы 35 киловаттык «Жер» деген секциядагы коргонуу линиясы өзүнөн өзү иштеп кеткен. Анын натыйжасында «Новозападная – Сельмаш-1» кабелдик линиясы жабыркаган. «Түндүк электрдин» кызматкерлери ыкчам түрдө «Жерди» таап, башка линияга которуп, көйгөйдү чечишти», — деп айтылат маалыматта.

Учурда жарыктын өчүп калышынын себебин иликтеген комиссия түзүлдү. Жыйынтыгы боюнча тиешелүү чара көрүлөт.

Булак
Sputnik Кыргызстан
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт