ВидеоКоом
Маанилүү

Түгөлбай Казаков: “Мен даабатчыларды көп көрдүм, же кечээки аракечтер, же билими жок, самтыраган дамбалды кийип алган, башы бопбош балдар”

Жалпы журт тааныган композитор, журналист Түгөлбай Казаковдун пикири социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда.

Анда Түгөлбай Казаков:

Кандай адамды мусулман деп айтабыз? Бул ойлоно турган маселе. Экинчиден, шариатта “Алладан башка Алла жок” деп айтылат; кыргыздарга келгенде “Алладан башка Теңир жок” деп айтышат. Бул эреже кайдан, кайсы эл үчүн чыккан? Биринчи ушуну тактабайлыбы? Мисалы, туулгандан эле элдин баары мусулман деп айтышат. Андай болбойт да…Диндин өзүнүн эрежеси бар, илгерки арабдар жазган эрежеси. Кыргыз эли ислам дини түптөлгөнгө чейин эле жашап келген, Орто Азиядагы эң байыркы эл. 1850-жылдарда Чокан Валиханов Кыргызстанга келгенде “ислам ибадаттарынан кыргыздардын түшүнүгү жок экен, азыр гана татар, өзбек молдолор пайда болуп баштаптыр” деп жазат. Бул тарых, бул китепте жазылып турат, муну эч ким танган жок. Бүгүнкү күндө исламчылар агрессивдүү болуп атат. Сүйлөшө келгенде кагып-силкип, келесоо тутушат. Ислам дининде башка элдердин башка өлкөгө барып ошолордун каада-салтын, үрп-адатын өзгөрткөнгө укуктуу деген жери барбы?

Эгер Мухаммед пайгамбар ошондой деп айтып кеткен болсо, анда ойлонолу.

Кудай динден, саясаттан эркин жаратат, андан кийин барып башы байланат адамдын. Ошондон улам кыргыздар илгертеден өзүнүн эркиндиги үчүн жанын сайып келген эл. Бүгүнкү күндө кыргыздын каада-салтын өзгөртүп жиберебиз деген жакшы саясат эмес. Мисалы кыргыздар барып арабдардын жашоо-турумушун өзгөртөбүз деп аткан жок да. Эмне үчүн бул жердеги кыргыздардын турмушун арабдардын турмушуна тууралап өзгөртүш керекпи?

Сүйлөшө келгенде кагып-силкип, келесоо тутушат. Ислам дининде башка элдердин башка өлкөгө барып ошолордун каада-салтын, үрп-адатын өзгөрткөнгө укуктуу деген жери барбы?

Эгер Мухаммед пайгамбар ошондой деп айтып кеткен болсо, анда ойлонолу.

Кудай динден, саясаттан эркин жаратат, андан кийин барып башы байланат адамдын. Ошондон улам кыргыздар илгертеден өзүнүн эркиндиги үчүн жанын сайып келген эл.

Бүгүнкү күндө кыргыздын каада-салтын өзгөртүп жиберебиз деген жакшы саясат эмес.

Мисалы кыргыздар барып арабдардын жашоо-турумушун өзгөртөбүз деп аткан жок да. Эмне үчүн бул жердеги кыргыздардын турмушун арабдардын турмушуна тууралап өзгөртүш керекпи?

Ал эми Кыргыздарда бүгүн абдан өкүнүчтүү нерсе болуп атат. Себеби кыргыздардын көпчүлүгү башка диндерге кирип кетип атат. Бизге миссионерлер келип кыргыздарды башка нукка буруп атат.

Ал эми даабатчылардын билим деңгээли, жүрүм-туруму адамдарды мусулман дининен кеткенге аргасыз кылып атат, үркүтүп жатат.

Мен даабатчыларды көп көрдүм, же кечээки аракечтер, же билими жок, самтыраган дамбалды кийип алган, башы бопбош балдар.

Ушундай да пропаганда болобу?

– деп суроо салган коомдук ишмер.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

12 пикир

    1. чала молдо эмес ичине ыйман кирип АЛЛАДдан корккон жакшы самтырап отко ташка бутка иконго сыйынгача АЛЛАга сыйынган туура

  1. Ассалоому алейкум_урматтуу мусулмандар!Туголбай акардионун чоюп журо берип ушул жашты откоруп коюптур.Алла таала_ козубуз коргон менен кокурок козду ачпаза адам озунун эн негизги милдетин билбей калат.Сиз арак ичпей онолоюн жегендерди алкаш болгон,эмне билет дединиз -аалым Абды шукур суйлосо озунузузго керектуу нерсени кылдат сурап билип албай (сиз болгондо да маданият министрисиз)суроону аркайсы жака ала качтырып ,тежиктендиниз.Тушунойун деген адам;ОЗУ мурунтан даяр болуп келет,андай адам менен свйлошуу эн оной болот.Сиздин ички каалоонуз болок..(Бала энеге мага быламык-дейт,эне мына быламык деп кашыкты оозуна алыпбарсабашын экижака буруп дамын таткысы келбейт)сиз ошого окшош болдунуз.

  2. Ислам Динден бир аз уйронуп анан ушундай комментарий берсениз болмок ошол сиз айткан аракечтер туура жолготушуп калса жаман бы же сиз айтып ошолорду туура жолго салбагандан кийин ислам динге асылбай эле койбойсунарбы андан башка проблемалар деле толтура ошолорду чече берсенер. Ар бир иштин озунун устасы болот динди озунун усталарына Берели сиз озунуздун тармакта Мишей берин.

  3. Түгөлбай теңирчи болсо боло берсин исламдын шартары жайылтуу эрежелерине кийлигишпей эле койсун Отунбаева бүтүп эми бул Казаков жер өрттөй баштадыбы

  4. чала молдо эмес ичине ыйман кирип АЛЛАДдан корккон жакшы самтырап отко ташка бутка иконго сыйынгача АЛЛАга сыйынган туура

  5. Даабатчылар араптын киймин кий деп таңуулаган жери жок Чубак ажыбыз деле калпагын башынан түшүрбөй жүрөт кагып силкип даабат жүргүзгөндөрдү көрө элекмин

  6. Сиздей агаларыбыздын ою ушундай болсо..калганыбыз кайда барабыз.Мвданияттуу корундунуз эле.Сырты жалтырак ичи калтырак деп кыргызда ушуну айтат..Ойноп суйлосонузда кичине ойлонуп суйлосонуз болмок.

  7. Ассалом алейкум кыргыз элим, боордош бир тууганым. Менин жеке оюм. Ошол самтыраган дамбалдарды кийип башы бош болсо да журогуно ыйман нуру тама баштаган, эн жаман ыплас жорук аракечтикти таштап туура жолго багыт алган бир туугандардын абалына кубансак да болот, аларды башы бопбош деп кемсинтуунун ордуна башы бутун акылы ашып жаткан инсандарыбыз колдон келген жардамын аянбай берсе деп тилейт элем. Колдон келсе финансы жактан каржылап илим алууга жардам берсе дейм тил учунда булбулдай сайрап кейимиш болбой. Акыр тубу бараар жерибиз баарыбызга маалым, акыретке даярданып жакшы амал кылалы, колубуз менен болбосо да тилибиз менен журум турумун сындап бей куноо пенделердин акысына кирип калбайлы.

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close