Саясат
Маанилүү

«Сырдуу сан»: Кыргызстандын 5 президенти тең кызматтан 61 жашында кетишкен

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда отставкага кетүүнү чечти. Бир айдан кийин өлкө башчысы 62 жашка толмок. Бирок Кыргызстандын мурдагы президенттериндей ал дагы кызматынан 61 жашында кетип жатат.

Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти Аскар Акаев 1944-жылы 10-ноябрда төрөлгөн. Өлкөнү 1994-жылдан 2005-жылга чейин башкарган.

Курманбек Бакиев 1949-жылы туулган. Президенттик креслого 2005-жылы 14-августта отурган. 2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда төңкөрүш болуп, өлкөдөн качууга аргасыз болгон.

Роза Отунбаева 1950-жылы 23-августта төрөлгөн. Апрель революциясынан кийин 2010-жылдын 3-июлунан 2011-жылдын 1-декабрына чейин убактылуу өкмөттү жетектеген.

Алмазбек Атамбаев 1956-жылы 17-сентябрда туулган. 2011-жылы президенттик шайлоону жеңген. 2017-жылы ыйгарым укуктары аяктаган соң кызматын тапшырган.

Кыргызстандын бардык 5 президенти кызматтарынан 61 жашында кетишти.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button