Экология

Суу менен башталган маданият (1)

«Жер шары бир деңиз эле, көк да, жер да жок эле, баары суу менен капталган бир учурлар...

Табиятка жан берген, эгиндерди көгөрткөн суу… Суу жер жүзүндө тиричилик башталгандан мурда пайда болгон. Суу турмуштун дал өзү, берекенин символу… Жандуулар муктаж болгон эң маанилүү элемент. Цивилизацияларды курган, аларды жок кылган, мамлекеттерди күчтүү же алсыз кылган да суу. Тарыхка багыт берген, тарых менен бирге жашаган суу… Суу үчүн кылымдардан бери согуштар болуп, кылмыштар иштелген. Анткени сууга ээ болгон бардык нерсенин ээси.

Суу адамдын дүйнө сахнасына чыгышынан баштап мифологияда, уламыштарда, дастандарда негизги ролду ойногон. Кечээ кандай маанилүү болгон болсо, бүгүн да ошончолук ал түгүл андан да көп мааниге ээ болуп жатат. Анткени турмушубуздагы бардык нерсеге түздөн түз же кыйыр түрдө таасири болгон суу дүйнөлүк конъюнктурада сөз ээси болууну каалаган өлкөлөр үчүн эми стратегиялык булак…

Бардык жаратылыш ресурстарындай эле, суунун да экономикалык мааниси бар. Бирок суунун наркы башкалардан алда канча жогору, анткени турмуш жана турмуш шарты суу аркылуу мүмкүн болот. Башкача айтканда, суу жок болсо, биз үчүн башка табигый ресурстардын мааниси да жок. Демек, суу өлкөлөрдүн жашоосу, келечеги, коопсуздук кызыкчылыктары жана экономикалык өнүгүүсү жагынан чоң мааниге ээ.

Ушул себептен «Суу менен келген маданият» программасында күнүмдүк турмушубузду, келечегибизди кызыктырган суу темасын түрдүү жактары менен алууну чечтик.

Суу тууралуу сөз кылуу оңой жана ошончолук да кыйын. Дүйнөдөгү тиричилик болгон бардык жерде суу бар. Суу өзүнчө  бир дүйнө.

Ичүүчү суу жытсыз, түссүз жана даамсыз кошулма. Ал эки гидрогенден, бир кычкылтек атомунан турат, балким биз билген жана дүйнөдө эң көп  билинген  химиялык формула H2O.

Адам организминин 70 пайызын суу түзөт. Суу денебиздин ысыктыгын тең салмактап, эске тутууну бекемдейт. Клеткаларга керек болгон азыктарды ташыйт жана токсиндерден тазалайт. Бирок ушунчалык турмуштук мааниге ээ болгон суу адам денесинде чогултула албайт. Ошондуктан адам көптөгөн күн ачкалыкка чыдаса да суусуздукка чыдай албайт.

Дүйнөдө турмуш  — тиричилик башталгандан мурда  суунун пайда болгонудугуна байланыштуу мифологияда, уламыштарда жана дастандарда көп кездешилет. Мисалы Түрктөрдүн жаралуу дастанында алгач жер шарынын суу менен капталганы айтылат.

«Жер шары бир деңиз эле, көк да, жер да жок эле, баары суу менен капталган бир учурлар… Теңир Үлген учуп жүрөт бирок коно турган жер таба албайт».

Суу бир гана түрктөрдүн эле эмес, көптөгөн улуттун жазуу түрүндөгү жана оозеки уламыштарында, дастандарында түрдүү сүрөттөлгөн. Рим жана грек мифологиясында, Сумер, Скандинавия, Азтек жана Ыракы Чыгыш уламыштарында да кездешет.

Суу тарыхтын алгачкы мезгилдеринен бери цивилизациялардын  пайда болушунда маанилүү фактор болгон. Цивилизациялар дайыма суу жээгинде курулуп, өнүккөн. Айылдарды, шаарларды кура турган жерлерди белгилөөдө да таза суу булактары негизги элемент болгон. Айыл  — чарба, соода  суу жээгинде башталган. Суунун аздыгы жокчулукка, жугуштуу ооруларга жана көчтөргө себеп болгон. Көзөмөлгө алына албаган учурларда селдер, суу ташкындары чоң кулатууларга себеп болгон жана цивилизацияларды жок кылган күчкө айланган. Нух топону бул кыйратуучу  күчтүн белгилүү мисалы. Нух топону үч көкө диндин китеби болгон Торат, Инжил, Куранда да аз айырмачылыктар менен орун алган.

Суу бир топ ишеничте,  диний текстте ыйык катары кабыл алынат. Ислам дининде Мекке жакындарында чыккан зам  — зам суусунун айыктыруучу, шыпаа берүүчү экендигине ишенилет.

Ошол сыяктуу эле, христиандар Франциядагы Лурдес суусун жана индуизмде Гинге дарыясы ыйык деп эсептелет. Айрыкча үч көкө  динде суу диний жөрөлгөлөр жана сыйынуу үчүн маанилүү элемент. Иудаизмде тазаланууну камсыз кылган суу; христиан дининде күнөөкөр болуп төрөлгөн наристе сууда чөмүлтүлүп күнөөлөрүнөн арылат. Исламда суу күнүмдүк сыйынуу үчүн алмаштыргыс нерсе. Намаз окулганга чейин суу менен даарат алуу парз, анткени денени тазалабай туруп Аллахтын алдында болуу мүмкүн эмес.

Анадолу — бул тарыхтын башталышына күбө болгон жер,  тарыхта туруктуу издерди калтырган география … Тарыхтагы биринчи тынчтык келишими ушул жерде түзүлүп, бул жерде биринчи жолу акча колдонулган жана биринчи белгилүү суу каналдары ушул жерде ортого чыккан. Албетте булар эле эмес, булар бир канча гана мисал. Бул жерде  ондогон цивилизацияга үй ээлик кылуу, суу  жан берген берекелүү  жерлер менен гана мүмкүн болгон.

Дыйканчылык сугатындагы ийгиликтери менен цивилизацияга жол башчылык кылган сумерлерден Анадолудагы алгачкы суу сактагычты курган хеттерге, Рим империясы мезгилиндеги шаарлар аралык суу түтүктөрүнөн тартып Осмон империясындагы суу курулуштарына чейинки бир казынаны, дүйнөлүк маданий мурасты камтыган бул жерлер өз өзүнчө түшүндүрүүгө татыктуу.

Автору
Неслихан Дегирменжиоглу
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button