БийликӨкмөтЭкология
Маанилүү

Сугат суу быйыл тартышыраак болот

Быйыл Кыргызстанда сугат суу былтыркыга караганда бир аз тартышыраак болот. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Суу чарба агенттигинин директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаев билдирди:

«Гидрометтин берген баштапкы маалыматы боюнча, көбүнчө бассейндерде суу нормадан 10-12% азыраак болот. Такталган маалымат апрелдин башында берилет».

Жогорку Кеңеш бүгүн жазгы талаа иштерине даярдык тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Өкмөт быйыл Кыргызстандын айыл чарбасында жалпы себүү аянттары 1 миллион 219 миң гектар болорун, бул былтыркыдан 2,3 миң гектарга көп экенин айтууда.

Кыргызстан – аймагынын 65-70% айыл жери ээлеген агрардык өлкө.

Быйыл кышында Кыргызстандын аймагында кар азыраак жаады

Булак
"Азаттык"
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button