Окуялар

Москвада белгилүү ММА мушкери Данияр Бабакуловду кармап кетишти

Кечээ 13-февралда саат 19:15тер чамасында Москва шаарындагы “Ош” кафесинин алдынан кыргызстандык белгилүү ММА мушкери Данияр Бабакуловду эч кандай түшүндүрмө бербестен, себепсиз кармап кетишти. Бул тууралуу эмгек мигранттарынын укугун коргогон Валентина Чупик билдирди.

1986-жылы туулган Кыргызстандын жаранын полиция кызматкерлери бир сааттай шаарды айланткан. Акырында Нагатино-Садовники ОИИМге алып келишип, айып пул тууралуу айтышкан.

Чупик нөөмөттөгү Насоновго чалганда, ал кармалган бардык чет элдиктердин документтерин текшерүү үчүн бөлүмгө алып келишкендерин билдирген.

Юристтин айтымында Бабакулов гана эмес бир топ жаран негизсиз кармалган. Бабакулов даттангандыктан ал акыркы кое берилерин Насонов белгилеген.

Акырында Бабакуловду бошотушкан.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close