Окуялар
Маанилүү

Бишкекте жарылуу болуп, 5-6 үй күйүп жатат

Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу жана Темирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жарылуу болуп, 5-6 үй күйүп жатат. Бул тууралуу ошол аймакта жүргөн күбөлөрдүн бири билдирди.

“Өрт саат 21:30 чамасында башталган экен.Азыр биз ошол жакта жүрөбүз. 6-7 өрт өчүрүүчү унаалар өрттү өчүрүүгө аракет кылышууда. Ал жердегилердин айтымында үйлөрдүн биринин жер төлөсүндө май сакталчу экен. Өрт ушундан тутаныптыр. Ал үйдүн жанындагы 5-6 үй да күйүп жатат. Жаракат алган адамдар барбы же жокпу азырынча белгисиз. “Тез жардам” унаалары жүрөт”,-деди ал өз сөзүндө.

Маалымат толукталды.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close