Окуялар

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Mаалыматка ылайык, бир кыргыз аскер кызматкерине ок тийип жаракат алган. Дагы бир жаран башынан жаракат алганы.

Ал эми мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлагандай, Көк-Таш айылында чек аранын шарттуу сызыгынан жакын өткөн жолдо Тажикстандын белгисиз жарандары Кыргызстандын жаранын сабап коюшкан. Жабыркаган жаранга медицина кызматкерлери жардам көрсөткөн.

Бүгүн эртең менен болжол менен саат 09.30да Көк-Таш айылында Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары ортосунда кайым айтышуу болуп, ал чыр-чатакка айланган. 80ге жакын Кыргызстандын жана 100гө жакын Тажикстандын жарандары бири бирине таш ыргыта башташкан.

«Чыр-чатактын алдын алуу үчүн ал жерге Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлчүлүктөрү, облустук администрация органдарынын жетекчилери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери келишкен. Жарандар бири бирине таш ыргытууну токтотушкан. Алдын ала маалыматтар боюнча бул чыр-чатакта жабыркагандар жок»,-деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чыр-чатак болгон жерде жолугушуу өткөрүүдө. Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Абдикарим Алимбаев Баткен облусуна учуп кетти.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close