КоомОкуялар
Маанилүү

Sputnik маалымат агенттиги кеңсесине топтошкон кишилер келип, редакциялык жамаатты коркутуп жатканын билдирди

Sputnik маалымат агенттигинин Кыргызстандагы редакциясына бейтааныш топ келип, эмгек жамаатын коркутууда. Бул тууралуу редакция социалдык тармактардагы расмий баракчаларынан билдирүү таратышты.

Маалыматка ылайык Бир нече мүнөт мурун келген 30га чукул киши эшикти каккылап, кире албай койгон соң «30 мүнөт убакыт беребиз» деп күзөтчүнү тилдеп кетишкен. Алар Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөрүп жаткан митингди чагылдырууну талап кылышкан.  Андан соң алар “жарым саат убакыт беребиз, болбосо кайра кайтып келип кеңсеңерди будуң-чаң кылып, күзөтчүңөр менен эсептешебиз”, деп кетишкенин редакциянын жамааты билдирди.

Буга чейин мессенджерлерде sputnik.kg сайтынын атынан Садыр Жапаровдун кармалганы туурасында билдирүү тараган. Кийин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков сайтка мындай маалымат чыкпаганын, бул фейк экенин билдирген.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт