Мыйзам жана укукОкуялар
Маанилүү

“Sputnik” Канттагы базага Россия аскерлери келгени тууралуу маалымат жазган эмес

Бакшы радактор кандай максат менен фейк маалымат тарап жатканы белгисиз экенин кошумчалады.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Россия аскерлери Канттагы базага келгени тууралуу маалымат жазган эмес. Бул туурасында агенттиктин башкы редактору Эркин Алымбеков билдирди.

Учурда социалдык тармактарда “Канттагы авиабазага Россиянын аскерлери учак менен келип конушууда” деген темадагы Sputnik.kg сайтынан скриншот кылып алган сыяктуу сүрөт тарап жатат.

“Sputnik Кыргызстан” агенттиги мындай маалымат жазган эмес, бул тууралуу кабары жок. Кандай максат менен фейк маалымат тарап жатканы бизге белгисиз”, — деди Алымбеков.

Ошондой эле ал мунун чагымчылдык аракетин көрүү үчүн бирөө атайын уюштуруп жатышы ыктымалдуулугун кошумчалады.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button