БийликПрезидент

Сооронбай Жээнбеков Жеңиш парадына катышуу үчүн Москвага барат

Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында өтүүчү Улуу Ата Мекендик Согуштун 75 жылдыгына арналган парадга катышат.

Парад 24-июнга белгиленген. Коронавирус илдетинин жайылганына байланыштуу бул салтанат жылдырылган болчу.

Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка 360 миң адам кеткен. Алардын үчтөн бири кайтып келген эмес. Ал эми 72 кыргызстандык каармандыгы үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Кээ бирлерине бул наам эки ирет ыйгарылган.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт