КоомМыйзам жана укук

Соцтармактарда “Мен фейк эмесмин” деген акция өтүп жатат

“Гүлшат Асылбаева, мен мыйзамга каршымын, бирок мен фейк эмесмин” деген жазууну “Фейсбуктагы” баракчасына койгон активисттер бул аракети менен “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршылыгын билдирүүдө. Алар аталган мыйзам долбоору сөз эркиндигин ооздуктоого аракет деп баалашууда.

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеш «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майда коомдук талкууга коюлган.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 22-июнда мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окуудан катары менен карап, кабыл алган.

Документте Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору «Кыргызстандын Конституциясына каршы келет» деген билдирүү тараткан. «Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган. (

Ачкыч сөздөр
Толугу менен
Back to top button
Close
Close