Аналитика
Маанилүү

Соцмедиада «кол» топтогон саясатчылар

Интернеттеги коомдук пикирге байкоо салган адистер Кыргызстандагы саясий кырдаал курчуган кезде социалдык тармактардагы «фейктер» менен «троллдор» элдин маанайын, пикирин бурмалап, ички саясатка таасир этүүгө аракеттенгенин белгилешет.

Кыргызстанда социалдык тармактар саясий тирештин айдыңына айланды. Мурда саясатчыларды таанытуу, саясий идеяларын таркатуу жана атаандаштарды каралоо үчүн колдонулган жаңы технологиялар эми коомдук ой-пикирди, элдин маанайын бир нукка буруу үчүн курал болуп жатканын адистер бедгилешет.

Социалдык түйүндөрдөгү тараптардын «армиясы» атайын жалданган «фейктерден» – жалган ысымдар жана сүрөттөр менен катталган колдонуучулардан, экинчи бөлүгү ар кандай саясий күчтөргө ыктаган, актап-жактаган активдүү колдонуучулардан турат.

Интернетке чыккан күмөндүү кабарлардын так-аныктыгын текшерген Factcheck.kg сайтынын редактору Болот Темиров шайлоо алдында партиялардын саясий кампаниясы, үгүт иштерин жүргүзүүгө даярдалган «троллдор» эми кескин чабуулдарга өткөнүн белгиледи.

«Фейктер элдин пикирин өзгөрткөнгө чейин жетишип жатат. Мисалы, ошол эле Садыр Жапаровго каршы сүйлөгөн бир адамдын аккаунтун карасаң, аны «фейктер» басып кеткен болот. Cөгүнүп, каралап, жалган маалыматтарды жаза башташат. Кескин чакырыктардан да баш тартышпайт. Мындай пикирлерди окугандар жалпы ойго жетеленет. Анан элде «баары Жапаровду колдойт» экен же бул постту жазган адам «душман, кас, саткын» экен деген пикирлер жаралып жатат. Чынында, бир эле адам мындай кырк аккаунт ачып алып, баарын жазып отурган болот».

Кыргызстанда партиялар саясий өнөктүккө «троллдор фабрикасын» – Интернетте кандайдыр бир маанай жаратуучу топторду жалдарын 2015-жылы парламенттик шайлоодо айтыла баштаган. Расмий бир да партия мындай политтехнологияны тааныбайт.

Октябрдын башында Лондондогу «Open Democracy» басылмасы «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү Элнура Алканова Интернетте троллдорду даярдоого тиешеси бар экенин жазып чыккан.

Kaktus.media басылмасы өткөн бейшембиде социалдык тармактардагы «троллдор» мурда «Мекеним Кыргызстан» партиясын мактап-жактаса, шайлоодон кийин саясий кырдаал өзгөрүп кеткенде алгач «Садыр Жапаровдун премьерликке келишин», Сооронбай Жээнбеков менен бир тандемде иштешин колдоп, кийин чаржайыт чачырап кеткенин баяндаган.

Адатта кыргыз саясатында «троллдор» шайлоодо кыска мөөнөткө утурумдук колдонуларын белгилеген Болот Темиров соңку кезде саясатчылардын ичине жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, социалдык тармактарда эл менен түз байланышып, тарапташтарынын калың катмарын түзүп алышканын айтууда.

«Көбүнчө миграцияда жүргөндөр үчүн тайпалар (группа) ачылып, популярдуу болуп кеткен. Четте жүргөндөр гезиттерге, телевидениеге чыга албайт. Өз ойлорун бул тайпаларда бөлүшүп, колдоо табат. Социалдык тармактарда Адахан Мадумаров, Садыр Жапаровдун группалары көп. Ал жакка чыгып жаткан маалыматтарды жалганбы же чынбы эч ким текшербейт. Мисалы, биз Кыргызстандагы маалыматтарды ар тараптан тактап алабыз. Ушундай ыкма менен көп жылдардан бери тарапташтарын көбөйтүп алышыптыр. Андан сырткары, Сыймык Жапыкеев деле социалдык тармакка үч-төрт видео чыгарып, ошону менен абдан таанымал болуп кетпедиби».

Эл аралык мамилелер боюнча серепчи Айболот Айдосов буга чейин бир катар өлкөлөрдө Интернет, социалдык медиа жана жаңы технологиялар аркылуу жасалган саясий окуяларды мисал келтирет.

«Египетте, Араб өлкөлөрүндө «революциялар» болгондо социалдык түйүндөр менен Интернет платформалардын чоң таасири белгиленген. Бирок, анда бизде буга ишеним аз болчу. Кыргызстандагы акыркы окуяларды карап, сереп салганда социалдык медиалардын элдин маанайын бурууга таасири зор экенин өзүбүз көрдүк. Мисалы, Сыймык Жапыкеевдин феномени. Мындан тышкары, акчасы, ресурстары бар саясатчылар социалдык медианы жакшы түшүнгөн жаштарды тартып, иштетип жатат. Керек болсо, акыркы шайлоодо үгүт иштери жүрүп жатканда, өзгөчө дебаттарда «боттор» менен «троллдор» атаандаштарга кадимкидей «маалыматтык согуш» ачышты. Андан тышкары маалымат каражаттары же ар кандай порталдар Интернетте партиялардын рейтингдери тууралуу сурамжылоо жүргүзгөн маалда булардын активдүүлүгү көрүндү. Чынында, алдыңкы орундарга эл күтпөгөн партиялар чыгып, бул адамдардын тандоосуна да өзүнчө бир таасирин тийгизди десе болот. Мунун баары саясий процесстерде Интернеттин орду чоң экенин көрсөтүп жатат. Мурда телеберүү, радио, гезиттер элге таасир этет, коомдук пикир жаратат десек, алар экинчи орунга жылып, азыр салттуу журналистиканын таасири азайганы байкалат».

Соцмедиада «кол»​ топтогондор

Жогоруда белгиленгендей, «Фейсбук», «Одноклассники» социалдык түйүндөрүндө эң көп катталуучулары жана тарапташтары бар саясатчылардын сап башында – Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаров турат.

«Фейсбукта» Садыр Жапаров деген аталыштагы группага 112 миңден ашуун адам кошулган. Ал эми саясатчынын расмий баракчасында 2,2 миң киши катталган.

«Одноклассникиде» ачылган мындай топтордо да кеминде 40 миңден колдонуучулары бар.

«Инстаграмда» Садыр Жапаровдун атынан же аны колдоочулардын атынан ачылган бери дегенде 45тей аккаунту табууга болот. Баракчаларга ондон 70 миңге чейин колдонуучу катталган.

Мындан тышкары «Telegram», «WhatsАpp» мессенжерлеринде «Садыр Жапаров», «Садыр Жапаров президент», «Жапаровду колдойбуз», «Жапаровдун кырк чоросу», «Садыр Жапаров Жети дубан» деген сыяктуу ондогон группаларды табууга болот. Соңку саясий кырдаалда бир тобу активдешип, улам жаңы ачылгандарына жаңы колдонуучуларды тартып жатканын байкалат.

10-14-октябрда социалдык түйүндөрдөгү бул тайпаларга саясатчынын атынан кайрылуулар байма бай жарыяланып, ар кандай чакырыктар да болгон.

Буга чейин топторго саясатчы тууралуу кабарлар, маалымат каражаттарындагы маектери, кайрылуулары үзгүлтүксүз чыгарылып турган. Таркатылган маалыматтардын арасында саясатчынын «элдик бийлик орнотуу» орнотуу, «жер кендерин улутташтыруу», «Кумтөр»кенин мамлекетке кайтаруу» сыяктуу убадалары басымдуулук кылат.

Атын жашыруун калтырууну өтүнгөн маектешибиз Жапаров социалдык тармактарда тарапташтарды топтоону 2016-2017-жылдары Кыргызстанда «Адам уурдоо» боюнча кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу Орусияда жүргөн кезде баштаганын айтат. 2017-жылы мартта казак-кыргыз чек арасындакамакка алаы, дээрлик үч жыл абакта отурганында да бул соцмедиадагы ишмердүүлүк токтотулган эмес.

«Анда Жапаров Орусиядан тышкары Казакстан, Араб эмираттары, Европа өлкөлөрүнө чейин барып, чет жактагы кыргызстандыктар менен байланыш түзгөн. Ошондо Москва, Бишкек, Оштон блогер менен жаш активисттерди топтогон. Москвадан биз «Whatsapp»тан эле он группа ачып, ага 250 адамдан киргизгенбиз. Мындай группаны «Фейсбук», «Одноклассникте» ачып, ар бирибиз он миңден кишини кошконбуз. Жапаров социалдык медианин, анын күчүн, кантип колдонууну тез түшүнгөн. Бул группаларга кандай маалымат, кандай мазмунда эмне чыгарыларын ал өзү көзөмөлдөп турчу. Биздин милдет аларды жарыялап, адамдарды сөзгө тартып, Жапаровдун идеяларын, ойлорун жайылтышыбыз керек болчу. Кийин ушундай схема менен эле «мадумаровчулар»да иштеше башташкан» дейт маектешибиз.

Социалдык түйүндөгү баракчалар
Социалдык түйүндөгү баракчалар

Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун атынан ачылган жана аны колдоочулардын «Фейсбуктагы» топторунда 10-18 миңдей окурман бар. Ал эми саясатчынын жеке расмий баракчасына 21 миң адам катталган. Буга кошумча «Мадумаров эмне иш кылган?», «Адахан элдин тандоосу» деген аталыштардагы аккаунттарды кезиктирүүгө болот.

«Инстаграмда» Мадумаровдун атынан ачылган ондой аккаунт иштейт. Саясатчынын жеке баракчасында 60 миңдей катталуучу болсо, калгандарына катталгандар миңге жетпейт.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы жана Адахан Мадумаровдун атынан ачылган баракчаларда саясатчынын билдирүүлөрү, партиянын ишмердүүлүгү, журналисттерге маектеринен тышкары Орусияда иштеген мигранттардын көйгөйлөрү, шайлоо укуктарын коргоо сыяктуу маселелер көтөрүлүп, талкууга жем ташталат.

Адахан Мадумаров социалдык түйүндөрдө
Адахан Мадумаров социалдык түйүндөрдө

Ал эми мурдагы прокуратура кызматкери, «Чоң казат» партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев быйыл май айынан тарта «Фейсбук» социалдык тармагында видео аркылуу түз байланышка чыгып, бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү байыган деген айыптоолору менен таанымал болгон. Анын видеокайрылууларын «Фейсбуктагы» баракчасынан эле 100 миңден 200 миңге чейин адам көргөн. Ар бир видеокайрылуусуна жүздөгөн адам ой-пикир калтырган.

Ал эми башка саясий партиялар менен саясий лидерлердин атынан социалдык түйүндөрдө жүргүзүлгөн мындай ишмердүүлүк жокко эсе. Адатта ар бир партиянын же саясатчынын расмий ачылган аккаунттары же 10-30 миңдей окурмандары бар баракчалары турат.

Саясий процесстерде социалдык медианын ролун жогору баалаган Айболот Айдосов кээ бир лидерлер социалдык түйүндөрдүн коомдук пикир жаратууга таасирин сезбей, жактоочулары менен байланыш көпүрөлөрүн түзүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп жатканын белгиледи.

«Интернет, социалдык түйүндөр аркылуу ойлорун, идеяларын элге жеткире билүү – бул бүгүнкү күндүн талабы. Интернетте ким таанымал болсо, ошол алдыга чыгып жатат. Кээ бир саясатчылар муну туура пайдалана билип жатышат. Колдоно билбегендер саясий таймашта артта калып жатышат. Албетте, Интернетте «фейктердин», «троллдордун» адамдардын абийирине шек келтирип, чагымчылдыкка, кастыкка чакырыктарына, жалган маалыматтарына жол бербөө керек. Мындай негативдүү көрүнүштөрдү чектөө зарыл».

Журналист Болот Темиров Кыргызстанда адамдардын медиа жана маалымат сабаттуулугу артканда гана эл чын, жалган, бурмаланган кабарларды ылгай билип, «фейктер» менен «троллдордун» таасири азая түшөт деп жыйынтыктайт.

«Медиасабаттуулук деп коет. Эл ушундай «фейк» аккаунттардан чыккан маалыматтарды текшерип, сереп салганга үйрөнгөндө гана бул нерсенин таасири тийбейт. Ага чейин ушинтип элди эмоция менен сүйрөп, башкаларды жамандап, элди көтөрүү жолу опоңой. Муну акыркы окуялар көрсөттү».

«We Are Social» жана «Hootsuite» 2019-жылкы баяндамасында 6 миллион калкы бар Кыргызстандан 2,5 миллиону Интернетти активдүү колдонору, дээрлик эки миллиону социалдык түйүндөрдө катталганын, бир миллиону уюлдук телефондордон Интернетке байланышары белгиленген.

«Светлана Марголис» аттуу консалтинг агенттигинин 2020-жылдын июнь айындагы маалыматына караганда, өлкөдө «Фейсбукту» 710 миң, «Инстаграм» тиркемесин 2,5 миллиондой адам колдонот.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button