ВидеоКоомОкуялар
Маанилүү

Бишкектин чок ортосундагы мектептин аймагынан карышкыр кармалды

Бишкектин Республиканская көчөсүнөн карышкыр тирүү кармалды. Бул тууралуу видео тасманы, Фейсбук колдонуучу Ильязбек Балташев өзүнүн баракчасына бөлүштү.

Маалыматтарга караганда,  чакыруу менен барган патрулдук милициянын кызматкерлери Республиканская 127 үйүнө жакын жердеги мектептин айланасынан карышкырды кармашкан. Тасмада байкалгандай, карышкыр тирүү бойдон жана буттары, оозу чырмалып байланган. Тасма тартып жаткан адам: “Патрулдук милиция азыр экологдорду күтүп жатат” – дегени угулат.

Бишкекте кармалган карышкыр “Бугу Эне” коомдук фондуна өткөрүлүп берилди.

Фонддон белгилешкендей, ал 8-9 айлык ургаачы карышкыр экен.

“Ал агрессивдүү эмес экен. Бирок тиштеп алышы мүмкүн. Өтө коркуп калган. Ал бөлтүрүк кезинен адамдын колунда багылып келген. Жоголуп кеткен болушу мүмкүн”, – деп билдиришти фонддон.

Ветеринарлар ага седация жасап, текшерип, канын анализге алышкан.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close