Коом

Чек ара кызматы менен ӨКМди түштүккө көчүрүү маселеси көтөрүлдү

Эл өкүлү аталган кызмат менен министрликтин ошол жакта иш алып баруусуна убакыт келип, бышып жетилгенин кошумчалады.

 Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов чек арада болуп жаткан жаңжалдардан улам Чек ара кызматын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин толугу менен түштүк аймакка көчүрүүнү сунуштады.

Депутат аталган кызмат менен министрликтин ошол жакта иш алып баруусуна убакыт келип, бышып жетилгенин кошумчалады.

“Себеп дегенде эң көп жаратылыш кырсыктары менен чек ара көйгөйлөрү дал ушул — Жалал-Абад менен Баткен облусунда болуп жатат. Башкы командачылык, штаб баш болуп мамлекеттик чек арага жакын облуска жайгашуусу керек”, — деди ал.

Эл өкүлү ошондой эле чек арадагы айылдарда жашагандардын айлыктарын жаңы жылга чейин төлөп берсе, көптөгөн социалдык маселелер да чечилип калмактыгын белгиледи.Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында 17-декабрда жаңжал чыгып, андан бир милиция кызматкерине ок тийген. Андан сырткары, бир нече киши түрдүү жаракаттарды алган. Чек ара кызматынын берген акыркы маалыматына ылайык, аймактагы абал турукташты.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close