Дүйнө
Маанилүү

Си Цзиньпин Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматы билдирди.

«Өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн сиз менен биргелешип «Бир алкак — бир жол» долбоорун куруунун алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо жаатында чогуу аракеттерди жумшоого даярмын», — деп айтылат куттуктоодо.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровго бекем ден соолук, бакубатчылык жана жогорку мамлекеттик кызматта чоң жетишкендиктерди, өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, ал эми кыргыз элине бакыт-таалай каалады.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт