Дүйнө

Швейцарияда коронавирустан каза болгон алгачкы учур катталды

Швейцарияда коронавирустан каза болгон алгачкы учур катталды. Бул тууралуу Swissinfo платформасы билдиргенин Известия жазып чыкты.

Коронавирустун жаңы түрүнөн 74 жаштагы кемпир көз жумган. Ал 3-марттан тарта ооруканада жаткан.

Коомдук саламаттык сактоо боюнча федералдык кызматынын (FOPH) маалыматында, бүгүнкү күндө Швейцарияда аталган дартты 58 адам жуктурган.

Швейцарияда 2 миң  670 адам коронавируска каршы текшерүүдөн өтүшкөн. Алардын анализдери терс көрсөткүчтү берген.

Эскерте кетсек, дүйнөдө аталган илдетти 93 миң 90 жаран жуктурган. Алардын 80 миң 422си Кытайда байкалган. Кытайда коронавирустан 2 миң 984 адам көз жумган, дүйнөдө 214ү каза болгон.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button