
Швецияда күбөлүк, кредиттик карточка жана билет алып жүрүү мезгили акырына чыгып баратат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Өлкөдө шприцтин жардамы же башка түрдүү жолдор менен теринин астына күрүчтүн чоңдугундай чиптерди жайгаштыруу барган сайын артууда.
Белгилей кетсек, Швецияда 4000ден ашуун киши күбөлүк карточкасы, поезд билеттери же ачкычтарды терилеринде алып жүрүшөт.
Чиптер бир канча убакыттан бери темир жол фирмалары тарабынан колдонулууда.
Бирок, адистер чип жайгаштыруунун зыяндуулугу тууралуу эскертишүүдө.