Аналитика

Шайлоого жакын жаңырган «халифат» кыялы

«Жарандык көзөмөл комитети» деп аталган уюм Кыргызстандагы мечиттердин биринде тартылган видеодогу аялдар тууралуу диний насаатка тынчсыздануусун билдирип, муфтияттан түшүндүрмө сурады.

Кыргызстандагы мечиттердин биринде тартылган видеодо диний насаат айтып жаткан киши 8-март — аялдардын тилектештик күнү ислам динине каршы келээрин айтып жатканын көрүүгө болот.

Кырнетте (кыргыз тилдүү Интернет айдыңында) тараган бир мүнөттүк бул видео дин боюнча талашты күчөттү.

«Жарандык көзөмөл комитети» уюму Интернетте тараган тасманы “кыз-келиндердин укугуна каршы багытталган” деп баалап, Мусулмандар дин башкармалыгынан (муфтият) түшүндүрмө сурады.

Уюм мечиттеги диний кызматкер эч кандай китеп же жазылма, тарыхый булактарга таянбастан аялдар тууралуу айтып жатканына тынчсыздануусун билдирип, бул ислам дининин баалуулуктарына дагы көлөкө түшүрө турганын белгилеген.

«Тасмадагы киши эркектер аялдардын кийим-кечегине чейин көзөмөлдөп турушу керек, деген таризде сүйлөп, 8-март майрамынын кадырын кетирип, какшыктап жатат. Аялзаттын кийими жөнүндөгү башка ой-пикирлерди ал киши «бузукчулук», деп эсептейт. Ушул сыяктуу “насаат” сөздөр Кыргызстанда аялдардын коопсуздугу, алардын жарандык жана саясий жолунда көйгөйлөрүн ого бетер курчутат», — деп жазылат уюмдун кайрылуусунда.

Мусулмандар дин башкармалыгы бул видеонун мазмуну боюнча комментарий берген жок. Муфтияттын басма сөз кызматы бул кайрылууга «ислам динине таандык Орозо айт жана Курман айт майрамдары бар, мамлекет тарабынан бекитилген расмий майрамдарды майрамдоо же майрамдабоо ар кимдин өзүнүн ыктыяры», — деп жазуу түрүндө жооп берди.

Муфтият талкууга түшкөн видео 2019-жылы Ош облусундагы мечиттердин биринде тартылганын, анда насаат айткан киши азыр имам болуп иштебей калганын кабарлады.

Ал ортодо белгилүү саясатчы, азыр элчи болуп жүргөн Азимбек Бекназаровдун баласы, президенттик аппараттын мурдагы кызматкери Руслан Бекназаровдун “Фейсбуктагы” халифат жөнүндө жазган посту кызуу талкуунун темасына айланды.

Анда Бекназаров “халифат — экстремист, террорист түшүнүгү эмес” дегендей таризде пикирин жазган. Ал посттун алдында Бекназаровду колдогон, каршы болгон жана «бийликти кулатып, халифатка аракет кылууга даяр экенин» жазган пикирлерди дагы көрүүгө болот.

Адабиятчы, публицист Жолдош Турдубаев соңку учурларда социалдык тармактарда өзөгү халифат, шарият менен жашоо деген сыяктуу диний түшүнүктү камтыган кызыл чеке талкуулар көбөйгөнүн байкап жүрөт.

Турдубаев дүйнөдөгү айрым тарыхый окуяларды кайсы бир топтун кызыкчылыгына ыңгайлуу кылып диний сабатсыз коомго жайылтуу коркунучтуу экенин эскертти.

«Баёо, сабатсыздарга багытталган үгүттөр бар. Тилекке каршы, ошондой көз караштагылар көп болуп жатат. Демек, айрым саясатчылар аларга багытталган, динге жамынсак болот экен деген ойлору болуп жатат. Үстүртөдөн карап туруп халифат болсо сонун болот экен деп жомоктогудай ойлонгондор популисттердин сөзүнө ишенип кетиши мүмкүн», — деди Турдубаев.

Турдубаевге пикирлеш укук коргоочу Эржан Сулайман дин жайылтуучулардын арасында дүнүйөбий (айдыңдык, секулярдык; орусча «светский») мамлекеттеги айрым баалуулуктарды исламга атайын каршы кылып көрсөтүү аракети бар экенин белгилейт. Мындай көрүнүш коомчулуктагы ажырымга алып келет.

«Азыркы мамлекеттик түзүлүштү карама-каршы коюп, демократия, адам укуктары динге каршы дегендей түшүнүктү калыптандыруу аракети өтө өкүнүчтүү. Ошол эле демократияда, адам укуктары декларациясында бардык диндин баалуулуктары камтылган. Ислам баалуулуктары да адам укуктарында бар. Демократия – бардык дин, салттардан куралган, бирдей укук берген жалпы баалуулук», — деди Эржан Сулайман.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы, дин саясаты жаатындагы адис окумуштуу Орозбек Молдалиев мамлекеттик башкарууга динди аралаштыруунун айлансындагы талаштардын көбөйгөнүн айрым саясатчылардын динди саясатка аралаштырып, упай топтоого курал катары пайдаланып жатышынын мөмөсү деп эсептейт.

«Бул — салафизм идеясына барып такалат. «Халифатта жашайлы» дегенди ачык айта албай жатышат. Диний сабатсыздарга, фанаттарга азыркы кырдаалды пайдаланып, “көрдүңөрбү, айдыңдык жашоо ушундай болот” дегенге жакшы шарт түзүлдү. Башкача айтканда, шайлоо жакындап калды, буларга коомдун аң-сезимин манипуляция кылганга оңой болуп жатат», — деди Молдалиев мырза.

Диний чөйрөдөгү саясатты тескеген Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия акыркы коомчулуктагы талкуу боюнча кийинчерек маалымат берилээрин билдирди.

Буга чейин Муфтияттын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт Нурдинов «Азаттык» үналгысынын «Эксперттер талдайт» программасында “халифат” жөнүндө пикирин айтып, аны куруу Кыргызстанда ишке ашпай турганын айтканы бар.

«Биз диний эркиндикти мындай ойлоп алдык да. Азыр радикал топтор “халифат курабыз” деп жатат дегендей болуп жатпайбы. Халифат деген эмне? Бул коммунизмди курабыз дегендей эле кеп да. Ал – утопия. Араб дүйнөсүндө жыйырмадай мамлекет бир тил, бир дин менен бириге албай жатса, Кыргызстанга келсек, 250дөн ашык партия, 80 улут бар. Алар бириге албаса, мындайча айтканда, бул ишке ашпай турган нерсе», — деген Бакыт Нурдинов.

Кыргызстандын Баш мыйзамынын 1-беренесинде “мамлекеттик башкарууга дин аралашпай турганы” жазылган. Баш мыйзамдын жаңы сунушталып жаткан долбоорунда дагы айдыңдык (дүйнөбий) мамлекет деген берене сакталды. Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кайсы саясий күч болбосун мыйзамга туура келбеген диний аракети үчүн жоопкерчилик каралганын эскерткен.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт