ВидеоСаясат

Шайлоодо жеңилген 5 партия бирикти (Видео)

«Реформа» партиясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Урмат Жаныбаев бүгүн, 5-октябрда Фейсбуктагы баракчасына шайлоодо жеңилген 5 партия бириккенин билдирди.

Анын айтымында, «Реформа», «Мекен ынтымагы», «Чоң казат», «Ыйман нуру» жана «Ордо» партиялары бирикти.

«Шайлоо» деген башаламандыкка жок деп айтуу үчүн бириктик. Биз шайлоону мыйзамсыз деп эсептейбиз. Бардык оппозициялык күчтөрдү жана жарандарды кошулууга чакырабыз. Саат 12:00дө Ала-Тоо аянтындагы митингге келгиле», — деп жазган Жаныбаев.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт