КоомСаясат
Маанилүү

Шайлоо 2021: 18 талапкер калып, 12 талапкер четтетилди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Кыргызстандын президенттигине талапкер болуш үчүн БШКга арыз жазган 18 жарандын топтогон колун жарактуу деп тапканын кабарлады.

Маалыматка ылайык, БШК 11-декабрдагы жыйынында бул маселени карап, тиешелүү протоколду бекиткен. Анда президенттикке талапкер болуш үчүн арыз берген:

1. Бабыржан Төлбаев;
2. Садыр Жапаров;
3. Аймен Касенов;
4. Арстанбек Абдылдаев;
5. Равшан Жээнбеков;
6. Курсан Асанов;
7. Элдар Абакиров;
8. Адахан Мадумаров;
9. Абдил Сегизбаев;
10. Жеңишбек Байгуттиев;
11. Мыктыбек Арстанбек;
12. Клара Сооронкулова;
13. Рашид Тагаев;
14. Бактыбек Калмаматов;
15. Каныбек Иманалиев;
16. Имамидин Ташов;
17 Канатбек Исаев;
18. Улукбек Кочкоров топтогон 30 миң адамдын кол тамгасы жарактуу деп табылган.

Ал эми БШК эки талапкердин: Кубан Чороев менен Кубаныч Токтосуновдун чогулткан колун жараксыз деп тапкан. Чороев Боршайкомдун чечимин сотко берди.

БШК 3-декабрда президенттикке талапкер болууга арыз бергендер чогулткан колду кабыл алууну токтоткон. БШКга баш-аягы 21 жаран кол тамгаларды өткөргөн. Анын ичинен 20 кишинин алды 60 миңге жакын, арты 30 миңден ашык кишинин кол тамгасын топтоду жана бир миллион сом шайлоо күрөөсүн төктү. Бирөө жетиштүү өлчөмдө кол чогулта алган эмес.

14-декабрга чейин БШК президенттикке талапкерлерге расмий күбөлүк берет. 15-декабрдан 9-январга чейин үгүт өнөктүгү жүрөт.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 12 президентикке талапкерди каттоодон баш тартты. Бул тууралуу аталган комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия аларды шайлоо фондун түзбөгөндүгү ага ылайык шайлоо күрөөсүн төкпөгөндүгү, ошондой эле конституциялык мыйзамга ылайык шайлоочулардын кол тамгаларын көрсөтпөгөндүгү үчүн каттаган жок.

  1.  Назарбек Нышанов;
  2.  Бакыт Романов;
  3. Бакыт Керимбеков;
  4. Элеонора Турдубекова;
  5. Үрүстөм Кабылбеков;
  6. Токтайым Үмөталиева;
  7. Медер Болгомбаев;
  8. Ербол Токтогулов;
  9. Айбек Эркетаев;
  10. Жаныбек Сүйүналиев;
  11. Мирлан Калыбеков;
  12. Самат Ибраев.

КР Президенттигине талапкерлердин тапшырган кол тамгалары текшерүүдөн өтүп, 18 талапкердин чогулткан колдору жарактуу деп табылып, каттоого алынды.

Президенттикке толук кандуу талапкер болуу үчүн 30 миңден ашык адамдын колун чогултуу зарыл. Ошондой эле Кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча «Кыргызтест» борборунун сертификаты да талап кылынат.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштери 15-декабрда башталып, 9-январда бүтөт. Шайлоо күрөөсү — миллион сом.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт